Күнтуу айыл аймагындагы бир катар көп балалуу энелер энелик эмгеги жана үй-бүлө институтун чыңдоого кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту.
Айылдын мыкты энелери
Сыйлоо аземинде энелик мээнети, балдарды татыктуу тарбиялоодогу эмгеги жана коомдогу орду жогору бааланган энелерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Алардын арасында «Баатыр эне» ордени менен сыйлангандар да бар. Бул сыйлык көп баланы тарбиялап өстүрүп, энелик милдетин татыктуу аткарган энелерге ыйгарылат.
Баатыр энелер
Ошондой эле бир катар энелер «Эне даңкы» медалы менен сыйланышты. Бул сыйлык үй-бүлө баалуулуктарын бекемдөөгө жана балдарды татыктуу тарбиялоого кошкон салымы үчүн берилет.
Сыйлыктар
Иш-чаранын жүрүшүндө сыйлык ээлери куттуктоолорду кабыл алып, аларга чың ден соолук, бакубат жашоо жана үй-бүлөлүк бакыт кааланды.
Даярдагандар: Айдай Джолчубекова, Раяна Бейшенбекова