Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: айыл өкмөтү

Дөбөлү айыл өкмөтүндө күзгү оруп-жыйноо иштери башталды

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн аймагында 25-августтан тартып күзгү оруп-жыйноо иштери башталды. Бүгүнкү күндө дан эгиндерин жыйноо иштери 30 гектар аянтта жүргүзүлүп, орточо түшүмдүүлүк гектарына 30 центнерди түзүүдө. Мындан тышкары, мал чарбачылыгы …

Күнтуу айыл аймагындагы көп балалуу энелер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты

Күнтуу айыл аймагындагы бир катар көп балалуу энелер энелик эмгеги жана үй-бүлө институтун чыңдоого кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту.

Токтогулда айыл өкмөт башчылыгына айым дайындалды

Токтогул районунда жаңы кадрдык дайындоо болуп, Уч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Бурулай Исабаева дайындалды. Жаңы кызматка киришкенге чейин Бурулай Исабаева аталган айыл өкмөт башчысынын орун басары кызматын аркалап келген. Бул …

Кочкордо селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Нарын облусунун Кочкор районунда селден кийин анын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүүдө. Райондун селден жабыркаган аймактарында тиешелүү мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл өкмөттөрү …

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн тургундары жаңы аким менен жолугушту

10-мартта Дөбөлү айыл өкмөтүнүн тургундары, Нарын районунун акими менен жолугушуп, суроо- талаптарына жооп алышты.

Төрага: «2025-жыл Ормон Хан айыл өкмөтү үчүн ийгиликтүү болду»

Ормон Хан айыл аймагы 2023-жылы түзүлгөн. Учурда 31 депутат иштейт. Ар бир айылдан 2-3 депутат шайланып келген. Депутаттар 5 туруктуу комиссияга бөлүнүп иш алып барышат. Ормон Хан айылдык Кеңешинин төрагасы …

Баарыбыз үчүн тең мүмкүнчүлүк

 Дөбөлү айылынын 11- классынын окуучусу Токтобеков Уларбек “Баарыбыз үчүн тең мүмкүнчүлүк » аттуу кароо сынакка катышып келди.

Дөбөлү айыл өкмөтүнө жаңы техникалар алынды

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнө мамлекеттин колдоосунун негизинде президенттик фонддун эсебинен акча бөлүнүп  заманбап жүк жүктөгүч жана “Хово” үлгүсүндөгү атайын автоунаалар алынып келинди.

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн айылдарында видео байкоо камералары орнотулду

2025-жылдын 6-августунда Дөбөлү айыл аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу максатында атайын жергиликтүү бюджеттен 165 миң сом бөлүнүп, Кеңеш, Дөбөлү жана Таш-Башат айылдарына видео …

Дөбөлү айыл өкмөтүнө жаңы техника алынып келинди

Дөбөлү айыл өкмөтүнө жаңы экскаватор алынып келинди. «Теңир-Тоо» фонду аркылуу каржыланган, Hyundai 150 үлгүсүндөгү заманбап экскаватор муниципалдык ишкананын техникалык базасын чыңдоо максатында алынып келинген. Бул ири иш айыл өкмөтү жана …

Дөбөлү айылында райондук деңгээлде волейбол боюнча турнир өттү

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 1982- жылкы эркек балдары, райондук деңгээлде волейбол оюну боюнча турнир уюштурушту. Турнирге Нарын районунун ар бир айыл өкмөтүнөн 1982-жылкы жигиттери келишип  ойноп кетишти.

Дөбөлү айыл өкмөтүндө Аракеев Асейин Абдрамановичтин эскерүү кечеси өтүлдү

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын көрүнүктүү инсаны, коомдук-саясий ишмер Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын академиги Аракеев Асейин Абдрамановичтин туулган күнүнө арналган эскерүү иш-чарасы өттү. 

Кайыңды айылында «Акыркы коңгуроо» аземи салтанаттуу белгиленди

2025-жылдын 26-майында Нарын районуна караштуу Кайыңды айылынын М. Кенжакунов атындагы орто мектебинде «Акыркы коңгуроо» аземи салтанаттуу белгиленди.

Мектепке 1982 — жылкы бүтүрүүчүлөр жолугушууга келишти

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебине 43 жылдык жолугушууга келген  1982- жылкы бүтүрүүчүлөрү тарабынан алгылыктуу иштер жасалды.

Дөбөлүдө 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектепке “Манас” эпосу боюнча китеп белекке беришти

Нарын районуна караштуу Ө. Токтосунов атындагы орто мектебине “Манас” эпосу боюнча 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдөн белекке китеп берилди.

Таш Башат айылына жаңы директор дайындалды

Нарын районуна караштуу Таш Башат айылындагы Дүрбөлөң Мамбетов атындагы орто мектебине жаңы директор дайындалды.

Нарын шаарында “ Мен чемпионмун” облустук оюндардын турнири болуп өттү

Кыргыз Республикасындагы балдар- өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучулары арасында «Мен чемпионмун » республикалык  спорттук оюндарынын  турнири болуп өттү.

Дөбөлү айылында арыктарды тазалоо иштери жүрүүдө

Дөбөлү айылында айыл башчы Жолдошбек Жумалиевдин демилгеси менен айыл тургундары жазгы сугат иштерин жакшыртуу максатында арык тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ырдаганды, бийлегенди жакшы көргөн Инза Алмазова

Инза Алмазова Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде 5-класста окуйт. Ал бала бакчага барып баштаганда 3-4 жашынан тарта ырдап чыгып баштаган. Учурда сынактарда жана коомдук иш чараларда талантын тартуулап келет. 

Дөбөлү айылында айымдарды иш менен камсыз кылган Асел Чакиева 

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын тургуну Асел Чакиева 3 жылдан бери кийим тигүүчү цех иштетип келет. Мурда айылда өз алдынча буйрутма алып же шаарда иштеп келген кыз келиндердин башын бириктирип, …

Жекшемби
20 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...