Кыргыз Республикасындагы балдар- өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучулары арасында «Мен чемпионмун » республикалык спорттук оюндарынын турнири болуп өттү.
Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылынын Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Касенова Гүлдана Кумарбековна, Нарын облустук этабында кыздар арасында стол үстүндөгү теннис боюнча 1-орунду камсыз кылып , республикалык турга жолдомо алды.
Стол тенниси адамдагы физикалык сапаттарын өнүктүрүүгө жана жакшыртууга салым кошот. Мында чыдамкайлык, кыймылдарды координациялоо, ылдамдык- күч сапаттары, ар кандай моториканы калыптандыруу, ден соолукту чыңдоого чоң өбөлгө түзөт.Бул тууралы Кайыңды айылынын Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин мектеп директору Б. Макилова төмөнкүлөрдү билдирди:
“Жыл аяктап, окуучулар каникулга тарай турган мезгилде биздин мектепке дагы бир жакшы ийгилик жылмайды. Бул ийгиликтин артында талыкпаган эмгек жана чыдамкайлык жатат. Гүлдана өзү өтө аракетчил кыз. Буюрса окуучубуз республикалык турга катышат. Ал жактан ийгилик менен кайтат деп ишенебиз. Окуучулардын ушундай ийгиликтерге жетүүсүнө салым кошкон дене тарбия мугалими Сабыров Акылбек Бейшековичке терең ыраазычылык билдиребиз.”
Оюн учуру
Оюн учуру
Сыйлоо учуру
Сыйлоо учуру
И. Мөндүрбаева