Нарын районуна караштуу Таш Башат айылындагы Дүрбөлөң Мамбетов атындагы орто мектебине жаңы директор дайындалды.
Шалдырбеков Нурсамат Шалдырбекович
Өзү берген маалыматка ылайык :
Шалдырбеков Нурсамат Шалдырбекович 1994-жылы 10-октябрда Нарын районуна караштуу Эки Нарын айылында төрөлгөн.
Билими:
— 2014-жылы К. Мамбетакунов атындагы педагогикалык окуу жайды аяктаган.
— 2016-жылы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетин аяктап информатика мугалими адистигин алган.
Эмгек жолу:
— 2016- жылы сентябрь айынан баштап Эки Нарын айылындагы М. Мамбетов мектебине информатика мугалими болуп кирген.
— 2016-2020- жылга чейин Орток айыл өкмөтүндө айылдык кеңештин депутаты болгон.
-2018-жылдан баштап мектепте социалдык педагог кызматын аркалаган.
-2023-жылдан баштап соц. педагог кызматы менен чогуу уюштуруучулук кызматында иштеген.
Жобого ылайык директорлук кызматка педагогикалык стажысы 7 жылдан ашкан жана 2 жылдык убакыт уюштуруучу, соц. педагог, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген кызматкерлер катыша алышат. Ошондой эле Н. Шалдырбеков өзүнүн келечектеги пландары менен да бөлүштү:
“ Мен бул кызматка директорлук конкурска катышып жогорку упай алып келдим. Бул тармакта көп эле жетишкендиктерге жеттим. Менин эң негизги максатым: билим берүүнүн сапатын көтөрүү, окуучуларды билим алганга кызыктыруу. Мектептин ички жана тышкы инфрастуктурасын чыңдоо. Ошондой эле мектептин айланасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу болуп эсептелет. Буюрса мойнума алган милдетимди, татыктуу иш алып баруу менен алдыда көрсөтө алам деп ишендирип айта алам.
И. Мөндүрбаева