Дөбөлү айыл өкмөтүнүн аймагында 25-августтан тартып күзгү оруп-жыйноо иштери башталды.
Бүгүнкү күндө дан эгиндерин жыйноо иштери 30 гектар аянтта жүргүзүлүп, орточо түшүмдүүлүк гектарына 30 центнерди түзүүдө. Мындан тышкары, мал чарбачылыгы үчүн зарыл болгон кышкы тоют камдоо жана чөп чабуу иштери да кызуу жүрүп, учурда 95 пайызга аткарылды.

Айыл чарба иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү максатында дыйкандар жана чарба ээлери тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Дыйкандардын эмгеги үзүрлүү болуп, күзгү оруп-жыйноо иштери ийгиликтүү аяктап, мол түшүм алынсын!
Даярдаган: Индира Мөндүрбаева