Жөнөкөйлүк менен эмгекчилдикти, тубаса талант менен өнөргө болгон сүйүүнү айкалыштырган инсандар арабызда арбын. Ошондой каармандардын бири Токтогул районунун Толук айылында туулуп-өскөн, 20дан ашуун обондун автору Акман Бекболотов.


Агартуучунун очогунан чыккан талант
Акман Бекболотов агартуучунун үй-бүлөсүндө тарбияланган. Атасы мектепте физика жана математика мугалими болуп эмгектенип, балдарына билим менен катар тарбия берген. 14 бир туугандын бири болуп бой жеткен каарманыбыздын музыкага жана ыр дүйнөсүнө болгон кызыгуусу дал ушул бала чагында, мектеп партасынан башталган.

Чубак Сатаевден алган эргүү жана чыгармачылык чыйыр
Мектепти аяктап, аскердик милдетин өтөп келгенден кийин анын өнөр жолунда маанилүү бурулуш болгон. Кыргыз элинин залкар ырчысы Чубак Сатаев менен бирге иштешип калуусу Акман Бекболотовго чоң таасир берип, анын ички дүйнөсүндөгү музыкалык эргүүнү ого бетер күчөткөн.
Устатынын жанында жүрүп, обон чыгаруунун жана ыр жазуунун сырларын үйрөнүп, чыгармачылык жолунда профессионалдык багытка кадам таштаган.

Ал бир катар чыгармачылык сынактарга да катышып, өзүнүн талантын көрсөтүп келген. Асанкалый Керимбаевдин ырларын аткарууда калыстардын жогору баасына татыса, Рыспай Абдыкадыровго арналган сынакта 2-даражадагы дипломду жеңип алган.
Ошондой эле 2019-жылы Красноярск шаарында өткөн «День Средней Азии» эл аралык фестивалына катышып, кыргыздын обондуу ырларын аймактан тышкары да таанытууга салым кошкон.

Жөнөкөй кесип жана обондуу ырлар
Бүгүнкү күндө Акман Бекболотовдун чыгармачылык куржунунда 20га жакын автордук обон бар. Ал эми анын 10го жакын ыры эл оозуна алынып, калың журт тарабынан ырдалып келет.
Күндөлүк турмуштун түйшүгүн тартуу менен катар көкүрөгүндөгү ыр дүйнөсүн өчүрбөй, обон чыгаруусун улантып келе жатканы анын өнөргө болгон берилгендигин айгинелейт.

Жөнөкөй жашоо менен чыгармачылыкты айкалыштырып, өзүнүн эмгеги жана таланты менен кыргыз музыкасына салым кошуп келе жаткан Акман Бекболотовдун өнөр жолу жаш муундар үчүн да үлгү боло алат.

Даярдаган: Азема Сабырбекова