Кыргыз эли кылымдардан бери өзүнүн бай маданияты, кол өнөрчүлүгү жана асыл нарк-насили менен айырмаланып келген. Ата-бабадан калган бул ыйык мурасты өчүрбөй, кийинки муунга өткөрүп берүү — ар бир муундун ыйык милдети.

Алардын бири — Токтогул районуна караштуу А. Суеркулов айыл аймагынын тургуну, белгилүү шырдакчы Майрам Минбаева.

Майрам эне кол өнөрчүлүктүн сырларын кичинекей кезекте өз апасынан үйрөнгөн. Бүгүнкү күнү ал 40 жылдык үзүрлүү эмгеги менен айылдаштарына гана эмес, бүтүндөй аймакка кадыр-барктуу ууз чебер катары таанымал. Түрдүү оймо-чиймелерди шырдакка түшүрүп, улуттук оймолордун түпкү маанисин жоготпой сактап келген чебер айым өз билимин жаш муунга талыкпай үйрөтүп келет.

Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун маданий программасына Токтогул районунун эң чебер ууз айымдары катышып, өз өнөрлөрүн калың журтка тартуулоодо. Иш-чаранын алкагында чеберлердин колунан жаралган кайталангыс шырдактар, шырдакчылык өнөрдүн даярдалуу процесси чет элдик меймандардын да көңүлүн бурбай койгон жок.

Түркиядан келген конок Хамза мырза Майрам Минбаеванын эмгектерине өзгөчө кызыгуу көрсөтүп, кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнө, оймолордун терең маанисине жана чебердин колунан чыккан ар бир эмгектин кылдаттыгына суктануусун билдирди. Чет элдик коноктун мындай жогорку баасы — кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгү дүйнөлүк деңгээлде бааланып жаткандыгынын айкын далили.

Ата-бабабыздан калган шырдакчылык өнөрдү даңазалап, маданий мурасыбызды дүйнөгө таанытып жаткан Токтогулдук ууз айымдарыбыздын эмгеги баалуу жана сыймыктуу. Майрам Минбаева сыяктуу ууз чеберлерибиз барда кыргыздын улуттук өнөрү эч качан өчпөйт жана муундан муунга өтүп жашай берет.