Өзү билим алган мектептин өнүгүшүнө салым кошуу, келечек муунга кам көрүү — жакшы салттардын бири. Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинде мындай демилге төрт жылдан бери уланып, жакшы салтка айланды.
Бул ирет 1967-жылы туулган айылдаштар өздөрү билим алган мектепке колдоо көрсөтүп, окуучулар үчүн атайын «Китеп окуу залын» уюштуруп беришти.
Залда китеп текчелери орнотулуп, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык көркөм адабий китептер коюлду. Эми окуучулар коңгуроо учурундагы бош убактысында же сабактан кийин калып, ыңгайлуу шартта китеп окуй алышат.
Демилгенин өзгөчөлүгү — анын жыл сайын уланып келе жаткандыгында. Төрт жылдан бери туулган мектебине кайдыгер карабаган айылдаштар билим уясына ар тараптан колдоо көрсөтүп, кийинки муундарга үлгү болуп келишет.

Саамалыктын алкагында 1967-жылы туулган байкелер эстафетаны 1968-жылы туулган айылдаштарына өткөрүп беришти. Бул туулган жерге жана билим алган мектепке болгон урмат-сыйды, жоопкерчиликти муундан муунга өткөрүп берүүчү жакшы салт.
Китеп окуу залынын ачылышы мектептин материалдык-техникалык базасын толуктоо менен бирге окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттырууга, өз алдынча билим алуусуна жана руханий дүйнөсүн байытууга багытталган маанилүү кадам болду.

Мектеп жамааты 1967-жылы туулган айылдаштарга бул баалуу демилгеси жана келечек муунга көрсөткөн камкордугу үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ошондой эле эстафетаны кабыл алган 1968-жылы туулган байкелерге ийгилик каалап, жакшы салт мындан ары да улана берерине ишенимин билдирди.
Туулган мектебине жасалган камкордук — келечек муундун билимине, тарбиясына жана жаркын келечегине кошулган баа жеткис салым.
Даярдаган: И.Мөндүрбаева