Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде башталгыч класстарда «Окурман үй-бүлө» конкурсу өтүлүп жатат. Конкурска ар бир класстан ата-энелер балдары менен бир китепти тандап алышып, ошол китеп боюнча конкурска …
Гапыр Мадаминов 17 китептин автору болсо, Анара Тууганбаева 8 китебин окуп чыккан. Китепти окугандан кийин өзүнүн бала тарбиялоодо, мугалимдик кесипте көп катачылыктарды кетиргенин билген. Жумуштан чарчап келгенде жасалбаган жумуштар үчүн …
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы №11 айылдык китепкана башчысы Өзубекова Акылай 1985-жылы Токмок шаарындагы маданият техникумунун ”Китепканачы” бөлүмүн бүтүрүп келип, ушул китепканада 38 жылдан бери эмгектенип келет. Ал өзүнүн чакан китепканасы …
25-октябрда Улуттук эне баланы коргоо борборунун алдындагы госпиталдык мектепте белгилүү теле жана радио алып баруучу Айгүл Курманова «Жылдыздар китеп окуйт» акциясынын алкагында балдарга кызыктуу жомок окуп берди.
Адам китеп окуу менен дүйнө таанымын кеңейтет, сөз байлыгын өстүрөт. Бирок техниканын өнүгүшү менен, жашообузга интернеттин кириши менен китеп окуган адамдардын саны азайып баратат. Оттук айылынын тургуну Бурулкан Чүмөдөева 87 …
Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Мыскал Байгазиева атындагы китепканада окурмандар көбөйдү. Айыл элинин китепке болгон кызыгуусунун артышы ата-энелер тарабынан уюштурулган «Келгиле бирге окуйбуз!» сынагынан башталган.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылынын маданият үйүндө окуучуларга, ата-энелерге, мугалимдерге жана айыл тургундарына «Үй-бүлөдөгү китеп окуу маданияты» аттуу семинар өтүлдү. Бул семинарды жеке ишкер меценат Оттук айылынын тургуну Дуулат Узакбаев …
Ысык-Көл облусунун Түп районунда «Прогресс Түп» коомдук жаштар фонду тарабынан райондук деңгээлде китеп окуу сынагы өттү. Ал белгилүү педагог, коомдук ишмер, педагогика илимдеринин доктору Жангороз Каниметовдун жаркын элесине арналган.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылынын тургуну учурда ардактуу эс алуудагы Суусар Кусмидинова 75 жашта. Ал райондук деңгээлде уюштурулган ата-энелер жана мугалимдер үчүн китеп окуу сынагына катышкан. Мугалимдер тарбия, …
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде 23-апрель китеп күнүнө карата ата-энелердин китеп окуу сынагы өткөрүлдү. Сынакка Нарын райондук администрациясынын акимдин орун басары Анара Орозказиева, Нарын райондук билим …
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде балдардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында ата-энелер, окуучулар менен биргеликте «Келгиле бирге окуйбуз!» долбоору уюшулуп, ай сайын өткөрүлүүдө. Бул долбоорго башталгыч …
Кочкор районунун Лахол айылындагы Кылыч Рысмендеев орто мектебинде ата-эне менен баланын ортосундагы мамиленин алыстап бара жаткандыгына байланыштуу мектеп аралык сынак уюштурулду. Сынактын максаты ата-эне менен баланын ортосунагы мамилени бекемдеп, бош …
Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Мыскал Байгазиева атындагы китепканада «Бирге окуйбуз!» сынагы уюштурулду. Сынакка 3,4-класстардын окуучулары апалары менен бирге катышышып активдүүлүгүн көрсөтө алышты.
«Соң-Көл» орто мектебинде «Окуу керемет» долбоору уланууда. 4-класстын класс жетекчиси Кыял Сулайманова бул долбоордун алкагында «Бирге окуйбуз» кароо-сынагын ата-энелер менен биргеликте таймаш-сабак өткөрдү.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Шуру Жапарбек кызы 1 айда 200 китеп окуганга жетишкен. Шурунун китепке болгон кызыгуусу ага бала чагынан апасы жомок китептерди көп …
Сиз дагы балдарыңыздын китепке болгон кызыгуусу жок, китеп окубай жатканын ойлонуп келесизби? Адамдардын көз карашын, дүйнө таанымын калыптандырууда китептерди орду чоң. Ал эми үй-бүлөлүк китепкананын болгону эле балдардагы китепкке болгон …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылынын окуучусу, “Нур FM” жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Айжан Мырзабекова китеп окуу сынагында окуучулар арасында 1-орунду ээледи. 20 000 сом жана китептер менен сыйланды.
16-декабрда Нарын районуна караштуу Оттук айылында Мыскал Байгазиеванын наамында заманбап китепкананын ачылышы болду.
Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө арналган мектептер аралык сынак болуп өттү. Ага айыл өкмөттөгү Арбын, Жапар Нышанов, Дары-Суу, Ак-Чабуу жана Шаңкол мектептеринин 9-10-11-класстарынын окуучулары катышышты.