Гапыр Мадаминов 17 китептин автору болсо, Анара Тууганбаева 8 китебин окуп чыккан. Китепти окугандан кийин өзүнүн бала тарбиялоодо, мугалимдик кесипте көп катачылыктарды кетиргенин билген. Жумуштан чарчап келгенде жасалбаган жумуштар үчүн балдарын урушуп, какыс кукус кылганын эстеп балдарынан кечирим сурап, урушпаган апа болуп өзгөргөн. Үй-бүлөсү менен китеп окууну адатка айлантып, жашоодо өз балдарына кам көргөн, эртең менен эрте турган, чуркаганды, гимнастика жасаганды балдары менен убакытты туура пайдаланганды үйрөнүп өзгөрдүм дейт биз менен болгон маегинде.
“Мен 4-жылдан бери үй-бүлөм менен китеп окуганды адатка айланттым. Бир жылда жүз китепти окуйм деп максат койдум, өзүмө керектүү китептерди алып окуп, окуган китептерди ата-энелерге, мугалимдерге,
окуучуларыма сунуштадым. Гапыр агайдын Ата-энелер мектеби менен иш алып барам. Коңшу мектептерге барып агайдын иш-тажрыйбасын жайылтып семинарларды өттүм. Агайдын китептеринде көбүнчө баланы туура тарбиялоо, кесипке туура багыт берүү, баланы кантип лидер кылса болот деген суроолорго жооп таба албай жаткан маселелерди китеп окутуп чечип койгон экен. Азыркы күндө турмушка чыккан кыздарыма балдарды туура тарбиялоо жолун үйрөтүп келем», — дейт Анара Тууганбаева.
Анаранын айтымында Гапыр Мадаминовдун методикасы менен колдоого ээ болгон уулу ийгиликтерге жетишкен. Ал өз каалоосу менен Себат түрк лицейине тапшырып, азыр 8-класста окуйт. Химия сабагынан олимпиадага катышып, коло медалдын ээси болду. Баласынын ийгилиги үй-бүлөсүн кубантты. Анара айым «китепти өзүбүз окусак балдарыбыз окуйт экен», деген принципти карманат.
Кудуева Азема