Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү райондун мугалимдери арасында «Окуган мугалим — окуган окуучуну тарбиялайт» -аттуу китеп окуу сынагынын башталгандыгын жарыялады. Жобого ылайык сынактын негизги максаты — санариптик доордо кесиптик багыттагы китеп окуу менен тажрыйба алмашуу, китеп окуу аркылуу педагогикалык чеберчиликти арттыруу, мугалимдерди колдоо, дем-күч берүү менен мугалимдер арасында китеп тууралуу пикир алмашуу аянтчасын түзүү болуп саналат.




Сынакка катышуучулар жаш өзгөчөлүгүнө карап үч муунга бөлүнөт жана ар бир муун өзүнчө «Идеалдуу мугалим (авт: Тод Уайтекер, Аннет Бре), «Жан дүйнөнү багындырган мугалим» (авт: Доган Жүжегоглу, Ирфан Эрдоган), «Мугалимдин устаттыгы» (авт: Кыялбек Акматов) китептерин окушат.
Учурда жобосу бекитилип жалпы билим берүү мектептерине жиберилди. Сынакка бардык предметтик мугалимдер, китепканачылар, класс жетекчилер катыша алышат.
Даярдаган:Барчын Мамытбекова