2026-жылдын 9-октябрында Кочкор районунун Маданият үйүндө Мугалимдер күнүнө карата сыйлык тапшыруу аземи өттү.Салтанаттуу иш-чарада Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинин үч мугалими — Чолпон Бейшекеева, Гүлира Сатарова жана Назгүл Ишенбаева АИС маалыматтык системасы аркылуу «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланышты./strong>

Мындан тышкары, мектептин бир катар мугалимдерине райондук, кесиптик бирликтин жана айыл өкмөтүнүн грамоталары тапшырылды. Алардын катарында Гүлнур Сатыбалдиева, Жылдыз Алдашова, Элира Асанова, Гүлмира Султангазиева, Мунара Токторбаева жана Уран Табылды уулу бар.
Бул сыйлыктар педагогдордун үзүрлүү эмгегине, кесипкөйлүгүнө жана билим берүү тармагына кошкон салымына берилген баа болуп саналат.

АИС маалыматтык системасы мугалимдердин жетишкендиктерин санариптик форматта каттоого, маалыматтарды иреттөөгө жана сыйлыкка көрсөтүү процессин жеңилдетүүгө шарт түзөт. Ошондой эле мугалимдердин эмгегин таанууга жана сыйлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга өбөлгө болот.

Мугалимдердин эмгегинин бааланышы аларга жаңы ийгиликтерге жетүүгө дем берип, кесиптик ишмердүүлүгүнө болгон шыктанууну арттырат.

Сыйлыкка ээ болгон бардык мугалимдерди чын жүрөктөн куттуктайбыз! Аларга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик жана окуучуларынын жетишкендиктерине күбө болгон кубанычтуу күндөрдү каалайбыз. Эмгектери ар дайым бааланып, кадыр-барктары бийик болсун!
Даярдаган: Илима Жумабаева.