Ар бир айылдын турмушунда өз ишин жан-дили менен сүйүп, ак эмгеги жана адамгерчилиги менен элдин урмат-сыйына ээ болгон инсандар бар. Алардын бири — «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалына караштуу Кызыл-Туу байланыш бөлүмүнүн башчысы Байсуанова Айгуль Кызайбаевна.

Айгуль Кызайбаевна байланыш тармагында 1994-жылдан бери эмгектенип келет. Отуз жылдан ашуун убакыттан бери айыл тургундарына кат-кабарларды жеткирип, пенсия жана жөлөкпулдарды өз убагында таратып, ар кандай төлөмдөрдү кабыл алуу менен калкка үзүрлүү кызмат көрсөтүп келет.
Ишинин түйшүгүнө карабастан, ар бир келген адамга жылуу мамиле жасап, өз милдетин жоопкерчилик менен аткарганы үчүн айыл тургундарынын урмат-сыйына татыган.

Новое айылынын тургуну Гуласия Давлетбакова Айгуль Кызайбаевнанын эмгегин жогору баалайт:
«Айгуль эжени ондогон жылдардан бери абдан жоопкерчиликтүү, өз ишин сүйгөн кесипкөй инсан катары билебиз. Почтага келген ар бир адамга жардам берип, жылуу сөзүн аябайт. Пенсиябызды же кат-кабарларыбызды дайыма өз убагында, маанайыбызды көтөрүп жеткирип турат. Эл үчүн кылган эмгегине терең ыраазычылык билдиребиз!» — дейт ал.
Ал эми айыл аксакалы Акматказы Ажыбаев байланыш тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгек чоң жоопкерчиликти жана кесипке берилгендикти талап кыларын белгилейт:
«Байланыш тармагында 30 жылдан ашык иштөө — бул чоң эрдик жана эмгекке берилгендиктин белгиси. Айгуль Кызайбаевна өз жумушун так аткаруу менен катар айылдагы карыялардын батасын алган кадырман аял. Ишине ийгилик, ден соолук каалайм!» — деп билдирди ал.
Элдин ишенимин актап, көп жылдардан бери ак ниет кызмат көрсөтүп келе жаткан Айгуль Кызайбаевнага бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишине ийгиликтерди каалайбыз. Эл кызматында дагы узак жылдар бою абийир менен эмгектенип, кадыр-баркка бөлөнүп жүрө берсин!
Даярдагандар: Айдай Джолчубекова, Раяна Бейшенбекова