Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айылында «Аманат Өмүр» коомдук фондунун Экология мектеби тарабынан «Живая традиция – Живые права» аталышындагы семинар өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө Суусамыр айылынын экологиялык абалы, жаратылыш ресурстарын сактоо, жайыттарды туура пайдалануу, дары өсүмдүктөрдү коргоо жана климаттын өзгөрүшүнүн аймакка тийгизген таасири тууралуу маселелер талкууланды.
Семинардын катышуучулары айылдын туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттары, жаратылыштын кооздугу жана экологиялык көйгөйлөр тууралуу пикирлерин билдиришти.
Айыл өнүктүрүү фондунун жетекчиси Күлүйпа Акматова Суусамырдын жаратылышы туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу экенин белгилеп, ошол эле учурда бир катар экологиялык көйгөйлөр бар экенин айтты:
«Суусамыр айылынын абасы жана суусу таза, жаратылышы кооз, жери кенен. Туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу жер. Ошол эле учурда жергиликтүү элди тынчсыздандырган бир катар маселелер бар. Алардын арасында туризмди өнүктүрүү, таштанды маселеси, жайыттарды алтыгана өсүмдүгүнүн капташы, дары өсүмдүктөрдүн азайышы, жайыттарды жакшыртуу, суунун азайышы жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу көйгөйлөр айтылды», — деди Күлүйпа Акматова.
Семинарда катышуучулар үчүн дары чөптөр боюнча мастер-класс уюштурулуп, экология, жайыттарды пайдалануу жана дары өсүмдүктөрдү коргоого байланыштуу мыйзамдар тууралуу маалымат берилди.
Суусамыр айылынын тургуну Азиза Алиева семинардын пайдалуу жана интерактивдүү өткөнүн белгиледи.
«Семинар кызыктуу жана интерактивдүү болду. Дары чөптөр боюнча мастер-класска катышып, экология, жайыт жана дары өсүмдүктөргө байланыштуу мыйзамдар тууралуу маалымат алдык»,— деди ал.
Иш-чаранын негизги максаты жергиликтүү тургундардын экологиялык маалымдуулугун жогорулатуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга үндөө жана айлана-чөйрөнү коргоого коомчулуктун катышуусун күчөтүү.
Долбоор «Global Greengrants Fund» тарабынан каржыланды.
Даярдаган:Жанар Алгожоева