Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Таалайбек кызы Жылдыз Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүндөгү мектептерге барып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
Иш сапардын алкагында билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана окуучулар үчүн заманбап билим алуу шарттарын түзүү максатында мектепке интерактивдүү панель белекке берилди.
Заманбап технологиялык жабдуу окуу процессин жакшыртууга, сабактарды интерактивдүү жана кызыктуу өткөрүүгө, ошондой эле окуучулардын билим алууга болгон кызыгуусун арттырууга шарт түзөт.
Интерактивдүү панелдин тапшырылышы мектептин материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган колдоолордун бири болду.
Таалайбек кызы Жылдыз билим берүү тармагын колдоо, мектептердеги шарттарды жакшыртуу жана жаш муундарга сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү маанилүү экенин белгиледи.
Анын айтымында, аймактардагы билим берүү мекемелерин заманбап технологиялар менен камсыздоо окуу процессинин сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Мындай демилгелер мектептердин материалдык-техникалык базасын бекемдөө менен бирге, окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө жардам берет.

Даярдаган: И.Мөндүрбаева