Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын кызы, Курама уулу Турусбек атындагы №12 орто мектебинин бүтүрүүчүсү Үсөн кызы Нуркыз республикалык деңгээлдеги педагогикалык сынакта ийгиликке жетти.

Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн уюштурулган 2025–2026-окуу жылындагы республикалык конкурстун жыйынтыгында Үсөн кызы Нуркыз «Жылдын мыкты усулчусу» номинациясынын жеңүүчүсү деп табылды.
Салтанаттуу аземде жеңүүчүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин президенттик фондунун атынан 500 миң сомдук сертификат жана гүлдесте тапшырылды.

Нуркыз Терек-Суу айылындагы мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайга тапшырып, студенттик жылдарын жигердүү өткөргөн. Ал ар түрдүү тармактарда өзүн сынап, теле-радио тармагында журналист жана алып баруучу катары да эмгектенип, тажрыйба топтогон.
Педагогика тармагындагы тогуз жылга жакын эмгек жолунда ал мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштап, кийин экинчи кесиби боюнча логопед адистигин да өздөштүргөн.

Учурда Үсөн кызы Нуркыз Бишкек шаарынын Ленин районундагы №70 «Баластан» ясли-бакчасынын директору болуп эмгектенет.

Конкурска даярдык ушул жылдын апрель айынан тарта башталган. Жаз, жай жана күз айларында жоопкерчиликтүү даярдык жүрүп, сынактын ар бир этабына кылдат мамиле жасалган.
Бишкек шаарындагы 750 баланы жана 60тан ашык кызматкерди камтыган ири жамааттардын биринде топтогон тажрыйбасы Нуркызга сынакка катышууда чоң ишеним берген.

Өз сөзүндө Нуркыз бул ийгиликке жетүүдөгү жетекчисинин жана эмгек жамаатынын колдоосун өзгөчө белгиледи.
«Мен мындай сынакка биринчи жолу катышып жатам. Чынымды айтсам, өзүмө ишенбей турган учурда жетекчим мага ишенип, сүрөп, колдоп, жеңишке жеткирди десем туура болот. Андыктан мени колдогон устатым Сулуучач Рыскулбековнага жана эмгек жамаатыма терең ыраазычылык билдирем. Анткени менин жеңишим — кесиптештеримдин жеңиши деп билем», — деди Нуркыз.
Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган республикалык сынак мектепке чейинки мекемелердеги мыкты педагогдорду аныктоо, алардын кесиптик чеберчилигин жана заманбап педагогикалык технологияларды колдонуу жөндөмүн баалоо максатын көздөйт.
Даярдаган: Азема Сабырбекова