Дөбөлү айыл аймагында 1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата ардактуу карыяларга арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты айыл аймагындагы улуу муун өкүлдөрүнө сый-урмат көрсөтүп, алардын эмгегин, турмуштук тажрыйбасын жана коомдогу ордун белгилөө менен бирге, аларга жагымдуу маанай тартуулоо болду.
Майрамдык иш-чарага Дөбөлү айыл аймагынан чыккан таланттуу акындар, өнөрпоздор жана жергиликтүү тургундар катышып, кадырлуу карыяларга өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Акындардын жүрөктөн чыккан ырлары, термелери жана көркөм сөздөрү кечеге өзгөчө көрк берип, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады. Өнөрпоздордун ыр-бийлери да майрамдык кеченин көркүн ачты.
Өз кезегинде улуу муун өкүлдөрү жаштарга ак батасын берип, элибиздин ынтымагы, жерибиздин тынчтыгы жана келечек муундун бакубат жашоосу үчүн жакшы тилектерин билдиришти.
Карыялар — элибиздин тарыхын, салтын, нарк-насилин кийинки муунга өткөрүп келе жаткан баалуу мурас. Алардын басып өткөн жолу, акыл-насааты жана турмуштук тажрыйбасы жаш муун үчүн чоң мектеп болуп саналат.


Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы айыл аймагындагы бардык ардактуу апа-аталарды, чоң ата-чоң энелерди Карылар күнү менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, бейпил карылык жана урпактарынын сый-урматын каалайт.
Даярдаган: И Мөндүрбаева