“1-октябрь–Улгайган адамдардын күнүнө” карата Дөбөлү айыл өкмөтүндө салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Анда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан акча каражаты бөлүнүп, улгайган адамдарга материалдык жардамдар берилди.
Ысык-Ата районунун аймагында «Карыларга көңүл буруу жана камкордук көрүү» бир айлыгынын алкагында «Манас», «Семетей», «Сейтек» уюмдарындагы окуучулар улгайган адамдарга, жалгыз бой пенсия алуучуларга жана ардактуу эс алуудагы мугалимдерди «Эл аралык …
Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында биринчи октябрь карылар күнүнө карата спорттук таймаш болуп өттү. Таймашка жалпы Суусамыр айылынын беш мектебинин мугалимдери катышты. Иш-чаранын уюштуруучусу Айылдык аялдар комитетинин төрайымы, АДК нын …
Ак-Талаа районунда учурда 90 жаш курактан өткөн 30 улгайган адам бар. Бүгүн райондун акими Жумадилла Жапаров 1-октябрь улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата Баетов жана Терек айылдарындагы 90 жаштан өткөн …
Төлөк айылында 1-октябрь «Карылар күнүнө», 5-октябрь «Мугалимдер күнүнө» карата Соң-Көл айыл өкмөтү тарабынан чакан концерттик номер даярдалган. Анда сый тамак уюштурулуп, мыктылар сыйланды.
Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата Красная-Речка айылынын 102 жашка чыккан тургуну Амина Халикованы Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гульмира Кыштобаева, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек …
«Соң-Көл» орто мектебинин Балдар өспүрүмдөр уюму 1-октябрь «Карылар күнүнө» карата Төлөк айылындагы ата-апаларды майрамы менен куттукташты. Аларга чакан белектерин тапшырып, ал-абалдарын сурап келишти.
1-октябрь карылар күнүнө карата Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү 80 жаштан жогору болгон 125 жергиликтүү тургундарга сый тамак уюуштуруп, чакан белектерин беришти. Ардагерлердин көңүлдөрүн көтөрү үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун …
Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөт кызматкерлери маданият үйүндө карылар үчүн дасторкон жайып, төрдүн көркү болгон ата – апалардын батасын алышты.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында 1-октябрь Улгайган адамдардын күнүнө карата карыларга сый-урмат көрсөтүлдү.
№17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин 10- классынын окуучулары жана класс жетекчиси Жаңыл Борбуева менен карылар күнүнө карата Жибек Максуталиева куттукташты.
1-октябрь карылар күнүнө карата Тасма айылынын жаштары айылдагы кары адамдарга барып, көңүлдөрүн көтөрүп, демөөрчүлөрдүн жардамы менен белек берип келишти. Айылда көп кары адамдар бар. Ага карабастан жаштар көп балдарды тарбиялаган, …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев орто мектебинин «Тимурчулар» тобу «Карылар күнүнө» карата айылдык жалгыз жашаган карыларга жардам беришти. Бул иш-чара жыл сайын мектептин «Аваз» уюму тарабынан …
Ысык-Көл районуна караштуу Корумду айылында 1-октябрь карылар күнүнө карата » Карысы бардын ырысы бар» деген темада иш- чара уюштурулду. Иш- чара окуучулар жана клуб башчысы даярдаган концерттик программасы менен коштолуп, …
Райымбекова Канымкүль 29.09.2019 жылы өз айылында карылар күнүнө карата чыгармачылык кечесин өткөрдү. Солтонбекова Ализа — эмгек жана социалдык өнүгүү министрдин орун басары «Бүгүн биз Республикалык «Карылар күнү» деген майрамдын астында, …
Кетмен-Дөбө айыл аймагында жашаган 70 жаштан улуу курактагы карыларды «1-октябрь-Карылардын эл аралык күнү» менен куттуктап, айыл өкмөтү майрамдык кече уюштурду. Бул кечеге 80 ашык улгайган курактагы карыя адамдар катышты.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын маданият үйүндө карыялар күнүнө карата чакан концерт болду. Бул концертке 7 айыл жергесинен келди.