Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата Красная-Речка айылынын 102 жашка чыккан тургуну Амина Халикованы Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гульмира Кыштобаева, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Осмонов жана Красная-Речка айыл өкмөтүнүн башчысы Кожомамбетов Азамат Асанбекович үйүнө барып куттуктап, белектерин тапшырышты.Кылым өмүр сүргөн энелердин жашоо-турмушунан, ден соолугунан кабар алышты. Саламаттыгы сак, акылы тунук энелер өлкөгө тынчтык, эл ичине биримдик каалап, ак батасын берип узатышты.
Амина Халикова Кытайда төрөлгөн. 1960-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп келип, Кочкорбаев колхозунда көп жыл эмгектенип, ардактуу эс алууга чыкан. 10 баланын энеси, 6 уул жана 4 кызы бар. Амина апанын 56 небереси, 109 чөбөрөсү жана 8 кыбырасы бар. Амина Халикова көп жашаш үчүн туура тамактануу жана көп кыймылдоо керек экенин айтты. 102 жаштагы апа гүлдөрдү өстүргөндү жакшы көрөт жана Кытай мамлекети жөнүндө жаңылыктарды калтырбай көрөт. Мындан тышкары кытай тилиндеги кинолорду көргөндү жактырат.
Венера Шонкоева