“1-октябрь–Улгайган адамдардын күнүнө” карата Дөбөлү айыл өкмөтүндө салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Анда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан акча каражаты бөлүнүп, улгайган адамдарга материалдык жардамдар берилди.
1- октябрда Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов жана аппарат кызматкерлери тарабынан уюштурулган “1-октябрь–Улгайган адамдардын күнүнө” карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Нарын районунун акими Мадимаров Нуридин Султанович катышып, Дөбөлү айыл аймагынын бардык айылдарынан келген кары адамдарды куттуктады.
Нарын районунда 70-80 жашка чейин 1044, 80-90 жашка чейин 571, 90-100 жашка 68 адам, ал эми 100 жаштан ашкан 4 карыбыз дөөлөттү карылыкта өмүр сүрүүдө.
Белгилей кетсек ушундай эле иш-чаралар районубуздун бардык айыл аймактарында 15-октябрга чейин белгиленери айтылды.
И.Мондүрбаева