11- майда Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн айылдарынын арасында футбол боюнча ынтымак турнири болуп өттү. Ага жалпы 14 команда катышып, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыкка ээ болушту.
“1-октябрь–Улгайган адамдардын күнүнө” карата Дөбөлү айыл өкмөтүндө салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Анда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан акча каражаты бөлүнүп, улгайган адамдарга материалдык жардамдар берилди.
Сөзү менен да, күчү менен да жеңген Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили сабагынан берген Миргүл Абекова, эки жылдан бери “кол күрөш” боюнча мектебибиздин намысын коргоп келет.