11- майда Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн айылдарынын арасында футбол боюнча ынтымак турнири болуп өттү. Ага жалпы 14 команда катышып, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыкка ээ болушту.
1- орунга 15000 сом
2- орунга 10000 сом
3- орунга 5000 сом сыйлык тапшырылды.
Ошондой эле жалпы командалардын чогулган 66000 сом взнос, Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Кеңеш айылына мечитке жер сатып алуу үчүн кошумча каражат катары берилди.
Мындай турнирлер айыл аймагынын жаштарынын арасында ынтымакты чыңдоого, сергек жашоо образын калыптандырууга өбөлгө болмокчу.
И.Мөндүрбаева