Балдар арасында эң көп кездешкен оорулардын бири — сасык тумоо жана суук тийүү. Экөө тең вирустук инфекция болуп саналат, бирок алардын белгилери жана оорунун өтүшү бир аз айырмаланат. Педиатр Асылхан Эркебаева балдар ооруп калганда кантип туура дарылоо керектигин айтып берет.
Сасык тумоо менен суук тийүүнүн айырмасы эмнеде?
Сасык тумоо (грипп) — оор өтүүчү вирус, дене табы 39-40°С чейин көтөрүлөт, баш оору, бүткүл дененин оорушу, алсыздык күчтүү байкалат. Оору 5-6 күнгө чейин созулушу мүмкүн.
Ал эми суук тийүү (ОРВИ) жеңилирээк өтөт: дене табы 37–38,5°С чамасында болуп, 2–3 күндө калыпка келет. Мурун бүтүшү, агышы, көздүн жаш агуу сыяктуу белгилер көбүнчө ОРВИде байкалат.
Үй шартында дарылоо кеңештери
Ата-эне бала ооруп калганда эмне кылуу керек? Эң негизгиси төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуз:
• Суюктук — денеден чыккан суунун ордун толуктоо үчүн балага көп суюктук берип туруңуз (жылуу суу, компот, сорпо ж.б.).
• Дене табы көтөрүлсө — 38,5°Сден ашса, биринчи кезекте баланы чечиндирип, суюктук берип, жылуу суу менен сүртүп, табын түшүрүүгө аракет кылыңыз. Дарыны тек гана дарыгердин көрсөтмөсү менен бериңиз.
• Талмасы бар балдар — дене табы 37,5°Сден жогору көтөрүлбөшү керек. Абдан сак болуңуз.
• Дары-дармек колдонууда — дарыгердин көрсөтмөсүз өз алдынча дары бербеңиз. Айрыкча мурунга тамызуучу дары-дармектерди этияттык менен колдонуңуз.
Көңүл бурууга тийиш болгон кооптуу белги
Эгер балаңыздын мурду бүтүп, көздөрү чылпактап, дене табы жогору болуп, абалы начарлап бара жатса, тезинен дарыгерге кайрылыңыз. Өз убагында чара көрүлбөсө, бул өпкө сезгенүүсүнө (пневмонияга) алып келиши мүмкүн.
Оорунун алдын алуу жолдору
Ооруп калгандан көрө, алдын алуу жакшы. Төмөнкү кеңештерди эске алыңыз:
1. Туура тамактануу — баланын иммунитетин бекемдөө үчүн витаминге бай, пайдалуу тамактар менен тамактандырыңыз.
2. Таза аба жана сейилдөө — баланын организмине кычкылтек жеткиликтүү болуп турушу керек.
3. Толук уйку — өсүп жаткан балдарда толук кандуу сапаттуу уйку өтө маанилүү.
4. Жеке гигиена — сырттан келгенден кийин колду, бетти жууп, оозду чайкатуу зарыл. Бул жөнөкөй, бирок маанилүү ыкма.
5. Аба ырайына жараша кийинүү — бала үшүп да, тердеп да калбашы керек. Бул учур вирустардын жайылышына ыңгайлуу шарт түзөт.
Бала ооруп калганда шашпай, туура кадамдарды жасоо өтө маанилүү. Үй шартында дарылаганда этият болуңуз, ал эми оорунун белгилери күчөп кетсе, сөзсүз дарыгерге кайрылыңыз. Балаңыздын саламаттыгы — сиздин жоопкерчилигиңиз
Айпери Марлесова