Учурдагы курч кармаган респиратордук инфекциядан түзүлгөн эпидемиологиялык абалга байланыштуу Ак-Талаа районундагы билим берүү мекемелеринде массалык спорттук жана маданий иш-чараларды уюштуруп, өткөрүү токтотулду.
Нарын райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун катына ылайык окуучулар жана тарбиялануучулар арасында келген-кеткендерди тактоо, окуу бөлмөлөрүндө температуралык режимди сактоо, жууп-тазалоо, жугушсуздандыруу иштери күчөтүлдү. Ошондой эле сасык тумоонун белгилери байкалган окуучуларды, тарбиялануучуларды кабыл албоо жана күндө алардын катышын райондук билим берүү бөлүмүнө билдирип туруу тапшырылды.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Динара Исамамбетованын маалыматына караганда бүгүн окуучулардын катышы 94%, ал эми бала бакчадагы тарбиялануучулардын катышы 87,7% түздү. Азырынча билим берүү мекемелеринде массалык сасык тумоого чалдыгуу каттала элек
Барчын Мамытбекова