Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0704419051

Метка: Бала бакча

Билим берүү мекемелеринин жылуулугу талапка ылайык берилүүдө

Өлкөдөгү орто мектептерде жана бала бакчаларда кышкы каникулдан кийин окуу процесси башталды. Баарыбызга маалым болгондой орто мектептерде окуу 11-январда башталуусу керек болсо, жазгы каникулдун эсебинен суукка байланыштуу 3 күнгө узартылган. …

Могол-Коргондо бала бакча ачылды

Бүгүн, 2022-жылдын 22-декабрь күнү Кеңеш айыл аймагына караштуу Могол-Коргон айылында 50 орунду «Керемет» мектепке чейин билим берүү уюму ачылды.

Акталаа: Билим берүү мекемелеринде массалык иш-чаралар токтотулду

Учурдагы курч кармаган респиратордук инфекциядан түзүлгөн эпидемиологиялык абалга байланыштуу Ак-Талаа районундагы билим берүү мекемелеринде массалык спорттук жана маданий иш-чараларды уюштуруп, өткөрүү токтотулду.

Акталаадагы Көк-Жар айылында бала бакча жок

Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айыл аймагынын тургундары үчүн бала бакчанын жетишсиздиги маселе бойдон калууда. Анткени айыл аймак эки айылдан турганы менен 2013-жылы ишке берилген бир гана “Келечек муун” бала бакчасы бар. …

Тасмада бала бакча ишке кирди

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Карасаев айыл аймагынын Тасма айылында “Шаменова Апал эне” атындагы балдар бакчасы ачылды.

Суусамырдагы бала бакча өз ишин баштады

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында бала бакча ачылганы менен, ички эмеректери толук кандуу алына элек. Бул маселени жергиликтүү эл өз алдынча чечүүгө аракет кылып, ар ким өз колунан келген жардамын …

Сүрөт баян: Берекелүү күз бала бакчада

Кочкор районундагы Төлөк айылынын Фаризат балдар бакчасында күз майрамы болуп өттү. Чакан концерти Фаризат балдар бакчасынын орто тайпасынын балдары коюшту.

Бала бакчага айылдык кеңештин депутаттары каржылык жардам көрсөттү

«Фаризат» бала бакчасы бир нече жылдан бери иштеп келет. Анда кенже жана улуу тайпалардан турган эки группа балдар тарбияланат. Ал балдар үчүн Айылдык Кеңештин депутаттары каржылык кылып, бир нече эмерек …

Суусамыр айылында бала бакча ачылуу алдында турат

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында бала бакчанын курулуш иштери аяктап, бөбөктөрдү кабыл алуу ишинин алдында турат. Беш миңге жакын калкы бар Суусамыр айылында буга чейин бала бакча жок болчу, мындан …

Оттук: Бала бакча балдарды кабыл алууга даяр

Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Садык-Ата балдар бакчасы жаңы окуу жылына балдарды кабыл алууга толугу менен даяр болду. Жаңы окуу жылына карата Ага Хан фонду тарабынан бала бакчага кошумча  балдарды …

Акталаадагы бала бакча жаңы эмеректүү болду

Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылында “Бөбөктай” бала бакчасы жаңы эмеректүү болду.

Подкаст: Жайлоодо уюштурулган бала бакча

Роза Отунбаеванын демилгеси менен жайлоо өнүктүрүү борбору ачылган. 2017-жылдан бери Көк-Ирим айыл аймагына караштуу “Айзирек” мектепке чейинки жайлоо бала бакчасы иштеп келет.Үч-Чоку жайлоосунда жалпы 15ден ашуун малчы отурукташкан. Бүгүнкү күндө …

Балдар үчүн китеп окууга арналган жайкы лагерь уюштурулду

Ак-Талаа районундагы Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепканалар тармагынын балдар бөлүмүндө жайкы каникулда балдардын убактыларын пайдалуу өткөрүү, китепке кызыктыруу максатында жайкы лагерь уюштурулду.

Акталаада жайлоо бала бакчалары өз ишин аяктоодо

Ак-Талаа районунда быйыл эки жайлоо бала бакчасы иштеп, анда 80 бала тарбияланды. Чолок- Кайың айылынын К. Касымалиев атындагы бала бакчасы Кашка Суу жайлоосунда, ал эми Кара-Ой айлындагы “Адис-Адилет” бала бакчасы …

Кочкордо «Ынтымак» оюн аянтчасы салтанаттуу ачылды

«Демилгелүү Жаштар» КФ жана «Демилгелүү Жаштар»долбоорунун алкагында  «АгаХан» уюм тарабынан каржыланып,Кочкор айылынын айыл өкмөтүнүн колдоосу менен балдар оюн аянтчасы жасалып, бүгүн салтанаттуу ачылышы өттү. Ачылыш аземине Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын …

Кожо-Арык айылында жаңы бала бакчанын курулуш иши башталды

Кулатов айыл өкмөтүндөгү Кожо-Арык айылында жаңы бала бакчанын курулуш иши башталды. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы. Мухаммед Маадынын өкүлдөрү демөөрчүлүк көрсөтөт. Айыл өкмөт тарабынан 5 тонна цемент бөлүнөт. Курулуш иши сентябрь …

Акталаадагы алыскы бала бакча заманбап жабдыктар менен камсыз болду

Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан Ак-Талаа районндагы Көк-Жар айыл аймагынын  Ак-Кыя айылындагы 100 орундуу «Келечек-Муун балдар бакчасы ашкана жабдыктар, эмеректер жана оргтехникалар менен камсыз болду.

Ак-Талаа: Кош бол, бала бакчам

Ак-Талаа районундагы Үгүт айылында жайгашкан «Айдос» бала бакчасында 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата «Кош бол,бакчам» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда балдар бакчада үйрөнгөн ырларын ырдап, бийлеп беришип, …

Мамлекет тартабынан каржыланган бала- бакчалар июнь айынын аягына чейин иштейт

Баарыбызга белгилүү болгондой эле бала бакчалар май айына чейин эле иштеп келген, быйыл июнь айынын аягына чейин иштешет. Себеби, иш күндөр быйылкы жылы кеч башталган.

Сүрөт: Дени сак бала, дени сак коом!

Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Садык-Ата балдар бакчасында тарбиялануучулар жана ата-энелер менен биргеликте «Ден соолук табылгыс байлык» аталышындагы спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке «Жеткинчек» жана «Ынтымак» тайпаларынын балдары катышышты. 

Календарь

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...