Ак-Талаа районунда 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө билим берүү мекемелеринде бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Анда кылымдан кылымга мурас болуп келаткан эне тилибиздин улуулугун, бийиктигин даңктаган ырлар окулуп, Манас айтылып, комуз күулөрү жаңырды.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Чынар Сатындиева Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата райондо үч айлык декада жарыяланганын айтты. “Декаданын алкагында масштабдуу иш-чаралардын планы түзүлдү. Алдыңкы үч айда эне тилибизге арналган маданий-массалык иштер өткөрүлөт. Ал эми бүгүн ар бир мектеп, бала бакчаларда эне тил гимни жаңырып, талкуу, викторина, линейка, сурамжылоо уюштурулду. Эң башкысы эне тил бир гана ушул күнү эмес, ар күнү даңазаланып турушу абзел. Кыргыз тилин бабалардан аманат кылып алганбыз жана урпактарга мурас катары кемитпей калтыруубуз зарыл”- деди ал.
Барчын Мамытбекова