Сарык бул жугуштуу оору. Аба, тамак аш, таза эмес колдор аркылуу жугат. Азыркы учурда сарыктын А түрү менен ооруп кайрылгандардын саны көбөйүүдө деп дарыгерлер айтып келүүдө. Көбүнчө жаш балдардын арасында кездешет. Сарыктын алгачкы белгилери — бала шалдырайт, эти ысыйт, кускусу келет, өңү саргаят, заарасы кызарат, заңы агарат. Эгерде ушул белгилер байкалса доктурга дароо кайрылуу керек.
Сарыктын жеңил, орточо жана татаал формалары болот. Дарылоо учурунда диета кармоо сунушталат, ооруканага жаткырылат. Диета учурунда тузу жок, кайнатма тамактарды, атайын жер-жемиштерди жеп туруу керек. Сарык оорусу менен ооругандарга куурулган тамактарды, таттууну, эт, майларды жегенге болбойт.
«Бул оорунун алдын алуу үчүн өздүк гигиенаны сактоо зарыл. Жер-жемиштерди таза жууп, тамак ичээрдин алдында, дааратканага барып келгенден кийин колду самындап жууш керек», — дейт Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын башкы дарыгери Калия Дөөлөтказиева.
Азема Сабырбекова