2026-жылдын 26-октябрында Токтогул шаарындагы Борбордук эс алуу багында 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларында курман болгон мекендештерди эскерүү иш-чарасы өттү. Ага Баткен окуяларынын ардагерлери жана курман болгон жоокерлердин жакындары катышты.

Мындан 27 жыл мурда, 1999-жылдын август айында, эл аралык террордук топтордун Баткен аймагына кирип келиши менен Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаралган. Ата Мекенди коргоо үчүн Куралдуу Күчтөрдүн аскерлери, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана ыктыярдуу коргонуу топтору өмүрүн тобокелге салып, баатырларча каршылык көрсөтүшкөн.

Оор салгылашуулардын натыйжасында аймак душмандардан толугу менен тазаланып, өлкөдө тынчтык калыбына келтирилген. Тилекке каршы, Ата Мекендин көз карандысыздыгы үчүн салгылашууда элүүдөн ашык кыргызстандык эр жүрөк жоокер курман болгон.

Кыргыз Республикасы боюнча жыл сайын 26-октябрь — Баткен окуяларында курман болгон аскер кызматкерлерин эскерүү күнү катары белгиленип келет.

Токтогулда өткөн эскерүү иш-чарага, Баткен окуяларынын ардагерлери жана курман болгон баатырлардын жакындары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө сейил бакта жайгашкан эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, курман болгон жоокерлердин арбагына багышталып куран окулду. Мекен коргоочуларынын урматына сый-урмат көрсөтүлүп, эскерүү залпы атылды.

Аталган маанилүү иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан атайын каржылык колдоо көрсөтүлдү.

Баткен окуяларында эрдик көрсөткөн жоокерлердин ысымдары жана жаркын элеси элдин эсинде түбөлүк сакталат. Алардын Мекенди коргоодогу каармандыгы кийинки муундар үчүн үлгү болуп кала берет.
Даярдаган:Азема Сабырбекова