Токтогул районундагы Элмирбек Иманалиев айыл аймагында Бууракан–Үч-Терек автоунаа жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, ага 36 миллион сом бөлүнгөн.

Жол оңдоо иштерин №30 Жол эксплуатациялоо ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө. Иштер белгиленген мөөнөттө аякташы үчүн адистер түнкүсүн да иштеп, асфальт төшөө иштерин улантып жатышат.

Долбоор жергиликтүү маанидеги транспорттук каттамды жакшыртууга багытталган. Жолдун жаңыланышы айыл тургундарынын каттамын жеңилдетип, жол кыймылынын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун жогорулатууга шарт түзөт.

Ошондой эле оңдолгон жол аймактагы соода-сатыктын, калктын өз ара байланышынын жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жакшырышына өбөлгө болот.
Даярдаган: Азема Сабырбекова