Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылындагы «Жеңиш» паркында «Манас» маданият фестивалынын XI айлампасы өттү. Маданий иш-чара Тайлак баатырдын эрдигин даңазалаган театрлаштырылган оюн-зоок программасы менен башталды. Аны райондук маданият кызматкерлери даярдашкан.

Фестивалдын жүрүшүндө элдик чыгармачылык топтор жана жергиликтүү таланттар ыр-күүлөрүн тартуулашты. Иш-чаранын алкагында «Манас» таймашы, «Жаш сүрөтчүлөр» жана «Сайма» кароо-сынактары да өткөрүлдү.
Сынактардын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.




Мындан сырткары, фестивалдын алкагында өткөрүлгөн «Манас» таймашы, «Жаш сүрөтчүлөр», «Сайма» кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү аныкталып, акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.
Фестиваль улуттук маданиятты сактоого, элдик өнөрдү жана бай руханий мурастарды даңазалоого багытталды.
Фестивалдын негизги максаты — улуттук маданиятты сактоо, элдик өнөрдү өнүктүрүү жана кыргыз элинин бай руханий мурастарын даңазалоо.
Сүрөттөр: М.Тентиева, Б.Токтотемирова
Даярдаган Н.Кемелова