14-октябрда Баетов айыл аймагына караштуу Үгүт айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага облустук жана райондук жетекчилер, «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун өкүлү шейх Мухаммад Абдурахман Альшая, айыл аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышты.



Курулушуна 231 410 сом каражат сарпталган бул медициналык мекеме тургундарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө, оорулардын алдын алууга, эне жана баланын ден соолугун көзөмөлдөөгө, ошондой эле тез арада дарыгерлик көмөк алууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.


Аталган айылдагы ФАПтын өзүнүн имараты жок болгондугуна карабастан, 1950-жылы курулган жеке турак үйдө уюштурулуп, 733 жашоочуну тейлеп келген. Учурда имарат авариялык абалда болуп, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берген эмес.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова