13-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан келген 15 аял активист депутаттар менен жолугуп, айыл жериндеги суу тартыштыгы, климаттын өзгөрүшү жана аялдардын чечим кабыл алуудагы ролун талкуулашты.

Жолугушуу Эл аралык айылдык аялдар күнүнө карата «Тынчтык булагы — аялдардын климаттык жана суу коопсуздугу үчүн бирикмеси» тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Айылдык активисттер, фермерлер жана жергиликтүү лидерлер аймактарда аялдар күн сайын туш болгон көйгөйлөрдү түздөн-түз депутаттарга жеткиришти. Алар сугат суусунун тартыштыгын, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, чыр-чатактардын алдын алууну жана аялдардын жаратылыш ресурстарын башкарууга катышуусун талкуулашты.

КР ЖК Депутаттары: Алтынкуль Мырзакаримова, Эркеайым Сейтказиева, Айгуль Ахмедова
Диалогду Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктарын жана гендердик теңчиликти коргоо боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Эркеайым Сейтказиева ачты. Ал айылдык аялдардын жергиликтүү жамааттардын жашоосуна таасир эткен маселелерди талкуулоого катышуусу маанилүү экенин белгилеп, чечим кабыл алууда алардын сунуштарын эске алуу зарылдыгын айтты.

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева да айылдык аялдардын жамааттардын туруктуулугун камсыздоодо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууда жана жаратылыш ресурстарын башкарууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Ошондой эле аялдардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарылдыгына токтолду.

Нургуль Ысакова, Баткен облусу, Кудук айылы, Орозбеков АК депутаты
Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар жергиликтүү климаттык пландарды иштеп чыгуу, климат жана суу маселелерин, ошондой эле чыр-чатактардын алдын алууга багытталган чараларды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына киргизүү боюнча сунуштарын беришти. Мындан тышкары, бассейндик жана коомдук консультативдик кеңештер менен кызматташууну күчөтүү, аялдардын чечим кабыл алуудагы катышуусун кеңейтүү маселелери көтөрүлдү.
Диалогдун негизги максаты — айылдык аялдар менен депутаттардын ортосунда түз байланыш түзүп, аялдардын сунуштары жергиликтүү жана улуттук деңгээлде чечим кабыл алууда эске алынышына көмөктөшүү.
Иш-чара БУУӨП жана «БИОМ» экологиялык кыймылы» коомдук бирикмеси тарабынан БУУнун Тынчтык куруу фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Фергана өрөөнүнүн аялдары климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун, адаптациянын жана тынчтыктын алдыңкы сабында» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Даярдаган: Венера Шонкоева