Ак-Талаа районунда Кыргыз элинин эркиндиги, биримдиги жана мекен бүтүндүгү үчүн күрөшкөн Тайлак баатырдын 230 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү. К. Султангазиев атындагы райондук маданият үйүндө өтүп жаткан иш-чара Тайлак баатырдын өмүр жолун, эрдигин жана тарыхый мурасын кенири жайылтуу, жаш муундарды мекенчилдикке, элди-жерди сүйүүгө жана улуттук баалуулуктарды урматтоого тарбиялоо максатында уюштурулду.
Конференциянын жүрүшүндө Тайлак баатырдын өмүр жолуна жана эрдигине арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, видеобаян көрсөтүлдү. Ошондой эле акындардын ырлары көркөм окулуп, илимий сессияда баатырдын тарыхый орду, эл үчүн жасаган эрдиктери тууралуу баяндамалар жана эскерүүлөр айтылды. Соңунда резолюция кабыл алынды.
Иш-чаранын ачылышында Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким М. Камчыбеков куттуктоо сөз сүйлөп, конференциянын ишине ийгилик каалады.
Мындан тышкары, «Жеңиш» паркында катарлаш «Манас» жана маданият фестивалы өтүп, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана тарыхый мурастарды кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган иш-чаралар уюштурулууда.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова