Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде мектептин музыка мугалими, бий ийриминин жетекчиси, Эл агартуунун мыктысы, Баетов айылынын Ардактуу атуулу Эльмира Абдрахманованын ысымын алып жүргөн автордук бий кабинети …
Ак-Талаа райондук Мааданбек Барашов атындагы №40 кесиптик лицейи 2026-2027-окуу жылына 125 курсант кабыл алды.Аталган кесиптик лицейдин директору Ильичбек Жакшылык уулунун айтымында, 2026-2027-окуу жылына карата, 5 кесиптик тайпа боюнча жалпы 125 …
15-сентябрда Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү 18 мектепте жаңы окуу жылы башталып, алгачкы коңгуроо кагылды.Жаңы окуу жылына арналган салтанаттуу иш-чараларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар катышты.
1-6-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосунда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ак-Талаа району бир катар байгелүү орундарды камсыздады. Атап айтканда, шамдагайлар сынагында Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын «Акмөөр» командасы боз үйдү 8 минут …
Бүгүн, 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ак-Талаа районунун Дөрбөлжүн аянтында майрамдык салтанат өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарага район жетекчилиги, мекеме-уюмдардын жетекчилери жана айыл тургундары катышты.
Ак-Талаа районунда дан эгиндерин оруп-жыйноо жана тоют камдоо мезгилинде өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Кылычбек Суранбаевдин маалыматына ылайык, бөлүмдүн адистери тарабынан …
25-августта Ак-Талаа районунда педагогодор «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аталышындагы август педагогикалык кеңешмесине чогулушту. Ага район аймагындагы билим берүү тармагынын кызматкерлери, мектеп директорлору жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик …
Ак-Талаа районунда айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча «Адам өмүрү баарынан кымбат» аталышында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылына 160 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Сметалык наркы 169,0 млн турган бала бакча республикалык бюджеттен каржыланууда. Учурда 30% жумуш аткарылды.
Бүгүн Ак-Талаа райондук К. Султангазиев атындагы райондук маданият үйүндө тарыхта «Үркүн» деген ат менен калган 1916-жылдагы улуттук трагедиянын 110 жылдыгына арналган «Үркүн-тарыхтын очпөс сабагы» аттуу эскерүү иш-чарасы өттү.
Ак-Талаа районунда жергиликтүү тургундарга, өзгөчө жашы жете элек балдарга кооптуу суу көлмөлөрүнө түшпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Таштан Мокеев билдирди.
Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы Муса Баетов атындагы бала бакча Ак-Талаа райондук өнүктүрүү фонду аркылуу 600 миң сомдук жаңы эмеректер менен камсыздалды.
Кечээ К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто билим тууралуу аттестаттар, ал эми 9-класстын окуучуларына негизги орто билим тууралуу күбөлүктөр салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бүтүрүүчүлөргө арналган …
Бүгүн Баетов айыл аймагына 2026-жылы чыгарылган, 20 кубдук «Шумкар» үлгүсүндөгү суу чачуучу атайын автоунаа пайдаланууга берилди.
26-июнь-баңгизатты кыянаттык менен пайдаланууга жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү катары Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1987-жылдын 7-декабрында кабыл алынып, 1988-жылдан бери жыл сайын белгиленип келет. Мына ушул датага …
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Мааданбек Барашов атындагы №40 кесиптик лицейинде курсанттар үчүн “Тамеки чегүү ден соолукка зыян” деген темада атайын иш-чара өткөрүлдү.
8-9-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында армрестлинг боюнча Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча XXIII Азия чемпионаты өттү. Эл аралык мелдешке Азиянын 17 мамлекетинен 250дөн ашуун спортчу катышты. Мелдеште Ак-Талаа районунун …
К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш чара өткөрүлдү. Алгач китепкана кызматкерлери балдарга ачык асман алдында сүрөт тарттырып, китеп окуп беришти.
Бүгүн, Баетов айылынын Дөрбөлжүн аянтында ыйык Курман айт майрамына карата айт намазы окулду. Майрамдык иш-чарага район тургундары менен катар дин кызматкерлери жана район жетекчилиги катышты.