14-октябрда Баетов айыл аймагына караштуу Кайыңды-Булак айылында жаңы курулган социалдык шаарчанын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким М. Камчыбеков, «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун өкүлү Шейх Мухаммад Абдурахман Альшая жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жалпы аянты 1,5 гектарды түзгөн социалдык шаарчанын курулушуна 67 млн 338 миң сом жумшалган. Комплекс толугу менен заманбап шарттары менен бүткөрүлүп, 22 имараттан турат:
1 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП);
1 медресе;
1 дүкөн;
19 турак үй.
Жаңы турак жайлар жалпы 76 үй-бүлөгө тапшырылды. Анын ичинде:
4 батир — медицина кызматкерлерине;
4 батир — муниципалдык кызматкерлерге;
68 батир — турак жайга муктаж жарандарга берилди.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова