Жалал-Абад облусунун Манас шаарында элеттеги Энелер күнүнө карата «Энелердин тилеги — Аалам тынчтыгы» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Манас, Сузак, Таш-Көмүр, Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал аймактарынан келген ак элечек апалар, аялдар кеңешинин төрайымдары жана мүчөлөрү, ошондой эле ууз-чебер айымдар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Жалал-Абад облустук аялдар кеңешинин төрайымы Бактыкан Ажимаматова слайд көрсөтүп, аткарылып жаткан иштерге токтолуп, катышуучуларга куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Андан соң аймактардан келген аялдар кеңешинин төрайымдары жер-жерлерде аткарылып жаткан иштери боюнча маалымат беришти.
Иш-чаранын негизги бөлүгүндө коомдогу эң актуалдуу маселелерди камтыган баяндамалар жасалып, катышуучулар ортосунда пикир алмашуулар болду: Чаткал райондук аялдар кеңешинин төрайымы Гүлбарчын Асылбекова «Элеттик аялдар — жаратмандар» деген темада баяндама жасап, айыл жериндеги аялдардын эмгеги менен демилгелеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи
.
Тогуз-Торо районунун активисти Элиза Акжолтоева «Тарбия башаты — энеден» деген темада чыгып сүйлөп, келечек муунду адептүүлүккө жана мекенчилдикке тарбиялоодо эненин орду өзгөчө экенин айтты.
Гинеколог-дарыгер Гүлбара Ташиева «Эненин саламаттыгы – баланын бактысы» деген баяндамасында энелердин ден соолугуна кам көрүү — сергек коомдун пайдубалы экенине токтолду. 
«Каниет» борборунун юристи Гүлайрам Аттокурова «Зомбулуксуз коом – жаркын келечек» деген темада сөз сүйлөп, кыз-келиндердин укуктарын коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жолдорун түшүндүрдү.
Коомдук ишмер Гүлмира Камбарова «Кыз адеби – кымбат» темасында нарк-насил жана кыз балдарды адептүүлүккө тарбиялоонун маанисин талкуулады.
«Тынчтыкты куруучу аялдар» ассоциациясынын жетекчиси Жанна Саралаева «Аялзаты – тынчтыктын коопсуздугунда» деген темада баяндама жасап, коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты сактоодо аялдардын ролу чоң экенин белгиледи.
Иш-чаранын соңунда коомдук турмушка активдүү катышып, өз ишинде зор ийгиликтерге жетишкен ар бир айымдын эмгеги бааланып, аларга Жалал-Абад облусунун башчысы — губернатор Тилек Текебаевдин Ардак грамоталары салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Ошондой эле, коомдук турмушка активдүү катышып, элдин биримдигине жана өнүгүшүнө салым кошуп жаткан айымдарга Кыргыз Республикасынын Аялдар кеңешинин жана Манас шаарынын Аялдар кеңешинин төрайымдары Айнуру Алтыбаеванын жана Бактыкан Ажимаматованын Ардак грамоталары тапшырылды. Иш-чара Мамлекеттик гимндин коштоосунда жыйынтыкталып, гүл тигүү аземи менен аяктады.
Даярдаган: Азема Сабырбековв