2026-жылдын 14-октябрында Жалал-Абад облусунун Манас шаарында өткөн «Энелердин тилеги — Аалам тынчтыгы» аттуу салтанаттуу иш-чарада Токтогул райондук аялдар кеңешинин өкүлдөрү бир катар сыйлыктарга ээ болушту. Иш-чара элеттеги Энелер күнүнө арналып, ага Токтогул райондук аялдар кеңешинин өкүлдөрү катышты.

Салтанатта райондук аялдар кеңешинин төрайымы Чынара Суракматова сөз сүйлөп, райондогу аялдардын коомдук турмушка, билим берүү тармагына жана жергиликтүү башкарууга кошкон салымы тууралуу айтып берди.
Анын маалыматына караганда, Токтогул районунда аялдар калктын 49,5 пайызын, ал эми депутаттардын 37 пайызын түзөт. Райондогу 44 мекеменин 13үн, 41 мектептин 34үн жана 22 балдар бакчасын аялдар жетектейт. Ошондой эле райондо аялдардын коомдук ишмердүүлүгүн колдоо багытында сегиз айылдык баштапкы кеңеш иш алып барат.

Чынара Суракматова аялдар кеңеши улуттук баалуулуктарды сактоо, үй-бүлөлүк салттарды жайылтуу жана жаш муундарды тарбиялоо багытында бир катар иш-чараларды уюштуруп келерин белгиледи. Анын ичинде «Нарк-уңгусу», «Аталар өчпөс издери» аттуу жыйындар, илимий-адабий конференциялар жана театрлаштырылган көрсөтүүлөр өткөрүлгөн.
Мындан тышкары, аялдар кеңеши жаштарды адептүүлүккө тарбиялоо, диний агымдардын терс таасирлеринин алдын алуу, кыз-келиндердин укуктарын коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

Ошондой эле «СЕДЕП» долбоорунун алкагында кол өнөрчүлүк жана туризм боюнча тренингдер уюштурулуп, ууз-чебер айымдардын ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүлүүдө.

на туризм багытында тренингдерди уюштуруп, ууз-чебер айымдарыбыздын эмгегин колдоого алып жатабыз.


Иш-чаранын соңунда Токтогул райондук аялдар кеңешинин ишмердүүлүгү бааланып, ууз-чеберлер, активисттер жана аялдар кеңештеринин төрайымдары Республикалык жана облустук аялдар кеңештеринин Ардак грамоталары, ошондой эле «Курманжан датка» төш белгилери менен сыйланышты.
Даярдаган: Азема Сабырбекова