Ак-Талаа районунда жергиликтүү тургундарга, өзгөчө жашы жете элек балдарга кооптуу суу көлмөлөрүнө түшпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Таштан Мокеев билдирди.

Анын айтымында, акыркы күндөрү аба ырайынын кескин ысышы менен сууга түшкөндөрдүн саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу кырсыктардын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында түшүндүрүү иштери күчөтүлдү.

«Ата-энелер жашы жете элек балдарын кароосуз калтырбашы керек. Ошондой эле сууга түшүүгө тыюу салынган жана атайын эскертүү белгилери орнотулган жайларга баруусуна жол бербөөсү зарыл. Айрыкча Баетов–Нарын унаа жолунун 95-чакырымындагы мурдагы шагыл карьерлеринин ордунда пайда болгон көлмөлөргө эскертүүчү белгилер орнотулду. Бул көлмөлөрдө сууга түшүүгө болбойт. Алар атайын эс алуучу жай эмес жана суунун сапаты текшерилген эмес. Мындай жерлерде сууга түшүү адам өмүрүнө коркунуч жаратып, ар кандай жугуштуу оорулардын келип чыгышына себеп болушу мүмкүн», — деди Таштан Мокеев.
Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого, балдарды көзөмөлсүз калтырбоого жана кооптуу суу көлмөлөрүнө түшпөөгө чакырат.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова