Ак-Талаа районундагы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери быйылкы милдеттүү медициналык кароодон санариптик форматта өтүшөт. Бул тууралуу О. Көккөзов атындагы райондук Жалпы дарыгерлик практикалык борборунун башчысынын орун басары Майрам Токтомамбет кызы билдирди.

Майрам Токтомамбет кызы (Сурөт архив)
Анын айтымында, Ак-Талаа районундагы мектептерде жана бала бакчаларда эмгектенген бардык мугалимдер, тарбиячылар, ашпозчулар, кенже кызматкерлер жана башка кызматкерлер белгиленген график боюнча кезектеги медициналык кароодон өтүшөт.
Медициналык кароонун жыйынтыгы мурдагыдай атайын китепчеге мөөр басуу аркылуу эмес, электрондук базага киргизилет. Кызматкерлер өздөрүнүн медициналык маалыматын «Түндүк» тиркемеси аркылуу көрө алышат.
«Мурда кызматкерлер анализ тапшырып, медициналык кароодон өткөндөн кийин санитардык китепчеге иштөөгө уруксат берилгендиги тууралуу мөөр басылчу. Азыр бул процесс толугу менен санариптештирилип жатат. Бардык маалымат электрондук базага киргизилет. Эгер кызматкердин ден соолугу боюнча даттануусу болсо, тиешелүү анализдер дайындалат. Даттануусу жок болсо, участкалык медайым анын ден соолугу тууралуу маалыматты базага киргизет. Учурда Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте бардык кызматкерлердин тизмеси жана медициналык кароодон өтүү графиги түзүлүүдө. Ошондой эле кайсы кызматкер кароодон өткөнүн жана ким өтпөй калганын көзөмөлдөп турабыз», — деди Майрам Токтомамбет кызы.
Анын белгилешинче, медициналык кароо алдын ала түзүлгөн график боюнча жүргүзүлөт. Рентген аппаратынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, бир күндө 50дөн ашык кызматкерди кароодон өткөрүү мүмкүн эмес.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова
5