Ак-Талаа районунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу уюштурулду. Жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов, БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү катышты.

Жолугушууда 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана мамлекеттик, муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Русланбек Жакышов өз сөзүндө шайлоо шаршемби күнү өтөрүн белгилеп, мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, жарандар каалаган жерден добуш бере аларын айтты. Анын маалыматына караганда, мурдагыдай шайлоо тилкесин алмаштыруу үчүн 10 күн мурда арыз берүү талап кылынбайт.
Ал эми БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев үгүт иштерин жүргүзүү, добуш берүү тартиби жана шайлоого байланыштуу башка маселелер боюнча маалымат берди.

Даярдаган: Б.Мамытбекова