Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күнтуу айыл аймагындагы сегиз мектепте өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ата-эне менен мектептин байланышын бекемдөө максатында ата-энелер чогулуштары уюштурулууда.

ЧЖолугушууларга Күнтуу айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы жана мүчөлөрү, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл башчылары жана ички иштер органдарынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышууда.
Чогулуштарда өспүрүмдөр арасындагы рэкетчилик, буллинг, зордук-зомбулук жана укук бузуулардын алдын алуу маселелери талкууланды. Ошондой эле ата-эне менен баланын ортосундагы ишенимдүү мамиле, социалдык тармактарды туура пайдалануу жана интернет коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Өзгөчө көңүл жаштарды баңгизаттарды таратууга жана башка мыйзамсыз иштерге тартуу аракеттеринен сактоого бурулду. Ата-энелерге балдарынын жүрүм-турумуна, досторуна жана интернеттеги байланыштарына көңүл буруу зарылдыгы эскертилди.
Күнтуу айыл аймагынын милициянын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкери, кенже лейтенант Сыймык Камбаров мындай көрүнүштөрдүн алдын алууда ата-энелердин ролу чоң экенин белгиледи. Анын айтымында, бала кандай гана көйгөйгө туш болбосун, аны коркпой ата-энесине айтып бере ала турган ишенимдүү мамиле түзүү зарыл. Ошондой эле мыйзам бузуу болгондон кийин гана чара көрбөстөн, алдын алуу иштерин мектеп, ата-эне жана коомчулук биргеликте жүргүзүшү керек.

Мындай жолугушуулардын бири Новое айылындагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде да өткөрүлдү. Анда мектеп директору билим берүү мекемесинин окуу-тарбия иштери, билим сапаты, жаңы окуу жылына карата белгиленген максаттар жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүдө ата-энелердин колдоосу маанилүү экенин белгиледи.
Чогулушка ата-энелер, анын ичинде аталардын басымдуу катышуусу байкалды. Алар мектептеги билим берүү жана тарбия маселелери боюнча суроолорун берип, сунуш-пикирлерин билдиришти.
Ата-энелердин бири Гульмира Анарбаева мындай жолугушуулар пайдалуу болгонун белгиледи. Анын айтымында, балдардын коопсуздугуна, интернетти туура пайдалануусуна жана тарбиясына ата-энелер өзгөчө көңүл бурушу керек. Ошондой эле мектеп менен үзгүлтүксүз байланышта болуу зарылдыгын белгиледи.
Даярдагандар: Раяна Бейшенбекова, Перизат Каратаева