Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев жана Э.Карасартов атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектептеринде окуучулар арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин шахмат боюнча Кубогу үчүн райондук мелдеш өтүп, ага 7 мектептен 60 окуучу катышты.

Мелдешке акимдин орун басары К. Эсеналиев катышып, жаш шахматчыларга ийгилик каалады. Жыйынтыгында ар бир жаш куракка ылайык 36 окуучу алдыңкы орундарды камсыздаган. Жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.





Алар мелдештин 11-ноябрда өтүүчү облустук баскычына катышат. Жалпы командалык эсепте:
1-орунду Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектеби;

2-орунду Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы ж.б.б.м

3-орунду Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы ж.б.б.м.командалары камсыздашты.

Солдо биринчи Ш.Бейшеналиев а.и.ж.б.б.м, ортодо Байымбет а.ж.б.б.м, оңдон биринчи Э.Мейманов а.ж.б.б.м.
Белгилей кетсек, буга чейин мелдештин мектептик туру өткөн.
Мелюеш Президенттик Кубок 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар жана кыздар арасында өткөрүлүп, жаш таланттарды аныктоого жана өлкөдө шахмат спортун өнүктүрүүгө багытталган.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова
Сүрөттөр: Э.Зардарбеков, М.Тентиева