Ак-Талаа районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, ага айылдык клубдун, китепканалардын башчылары, маданият кызматкерлери, жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.Иш-чарада район башчысы-аким М. Камчыбеков маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын улуттук баалуулуктарды, каада-салттарды жана руханий мурастарды сактап, кийинки муунга жеткирүүдөгү орду өзгөчө экенин белгиледи.


Майрамдык салтанатта маданият тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге бир катар сыйлыктар тапшырылды.

Мындан тышкары, Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө колдоо көрсөтүп, уюштуруу иштерине көмөк берген жарандарга, айрым мекеме жетекчилерине жана айыл өкмөт башчыларына ыраазычылык каттар менен акчалай сыйлыктар берилди.

Ошондой Көчмөндөр оюндарындагы мелдештерде ийгилик жаратып, Ак-Талаа районунун гана эмес, жалпы өлкөнүн намысын коргоп келген көк бөрү оюнчусу Дастан Руслановго «Райондун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылып, акчалай сыйлык тапшырылды.
Ал эми эр эңиш боюнча мелдеште 2-орунду ээлеген Бердибек уулу Ислам Ардак грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова