Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө жана улуттук кол өнөрчүлүктү заманбап технологиялар менен айкалыштырууга багытталган STEM ийрими иштей баштады.

Ийримдин максаты — окуучулардын кол эмгегине болгон кызыгуусун арттыруу, чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү жана практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу.
Сабактарда окуучулар сүрөттөрдү көркөм тартып, аларды жүн жана кийиз материалдарына түшүрүү аркылуу ар кандай буюмдарды жасашат. Ошондой эле материалдардын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, STEM технологиясынын элементтерин колдонуу менен алган билимдерин практикада сынап көрүшөт.
Ийримдин жетекчиси — Нурзат Джумабекова. Ал окуучуларга чыгармачылыктын жаңы ыкмаларын үйрөтүп, ар бир баланын шыгын ачууга жана өз алдынча иштөөгө багыт берип келет.

Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айнура Асанова мындай демилгелердин билим берүүдө маанилүү экенин белгиледи:
«Бүгүнкү күндө мектептеги билим берүү бир гана теориялык билим менен чектелбеши керек. Окуучу алган билимин турмушта колдоно билип, өз колу менен жаратып, изденип, жаңы нерселерди ойлоп табууга үйрөнүшү зарыл. STEM багытындагы ийримдер дал ушул максаттарды ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Бул ийрим аркылуу балдарыбыздын чыгармачылык жөндөмү, эмгекке болгон кызыгуусу жана технологиялык ой жүгүртүүсү өнүгөт деп ишенебиз. Мындай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жаткан ийрим жетекчисине ыраазычылык билдиребиз», — деди ал.
Ийримдин катышуучусу Илгиз Эргешов да алган таасирлери менен бөлүштү:
«Бул ийрим мага абдан жагат. Анткени биз жөн гана сүрөт тартпастан, жүн жана кийиз менен иштеп, ар кандай кооз буюмдарды жасайбыз. Өз колубуз менен бир нерсе жаратуу өзгөчө кубаныч тартуулайт. Ар бир сабакта жаңы ыкмаларды үйрөнүп, чыгармачылыгыбызды өнүктүрүп жатабыз. Келечекте дагы көптөгөн кооз эмгектерди жараткыбыз келет», — деди окуучу.
Улуттук өнөрдү жандандыруу — келечек муунга калтырылган мурас
Ийримдин алдыдагы пландарында Президенттин «Улуттук дем» жарлыгынын негизинде унутта калып бара жаткан улуттук кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн жандандыруу максатында окуучуларды чий менен иштөөгө үйрөтүү демилгеси да бар.
Бул аркылуу жаш муунга ата-бабадан калган өнөрдү үйрөтүү, улуттук баалуулуктарды сактоо жана салттуу кол өнөрчүлүктү заманбап STEM технологиялары менен айкалыштыруу көздөлүүдө.
Белгилей кетсек, STEM багыты илим, технология, инженерия жана математиканы бириктирип, окуучулардын изилдөөчүлүк, чыгармачылык жана практикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Гульсина Капарова атындагы мектептеги бул ийрим окуучулардын талантын ачууга, улуттук мурастарды сактоого жана алган билимдерин иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Даярдагандар: Наргиза Кушназарова, Перизат Шаирбекова