Күнтуу айыл аймагынын Чоң-Жар айылында калкты таза жана сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында суу түтүктөрүн жаңылоо иштери башталды. Долбоор депутат Эдита Тайгараеванын демилгеси жана «Ас-Сафа» коомдук фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Аталган долбоор айыл тургундарынын көптөн бери чечилбей келген көйгөйлөрүнүн бирин жоюуга, жашоо шартын жакшыртууга жана ичүүчү суу системасын жаңылоого багытталган.
Чоң-Жар айылынын тургуну Эльнура Жумабекова таза суу ар бир үй-бүлө үчүн маанилүү экенин белгилеп, башталган иштерге кубанычын билдирди:
«Таза суу — ар бир үй-бүлө үчүн эң керектүү нерсе. Суунун сапаты жана жеткиликтүүлүгү биз үчүн абдан маанилүү. Айылда суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери башталганына абдан кубанып жатабыз. Бул демилге элдин жашоосуна чоң жеңилдик алып келет деп ишенебиз. Элдин үнүн угуп, көйгөйүбүздү чечүүгө көмөк көрсөткөн депутат Эдита Каныбековнага терең ыраазычылык билдиребиз», — деди ал.

Ал эми айыл тургуну Кубан Шакулуев суу түтүктөрүн жаңылоо көптөн бери күтүлүп келген иштердин бири болгонун айтты:
«Ичүүчү суу — жашоонун булагы. Айылдагы суу түтүктөрүнүн жаңыланышы көптөн күткөн иштердин бири эле. Мындай долбоорлордун ишке ашырылышы айылдын өнүгүшүнө чоң салым кошот. Депутат Эдита Каныбековнага жана «Ас-Сафа» фондуна айыл элинин атынан ыраазычылык билдиребиз. Башталган иштер ийгиликтүү аяктап, ар бир үй таза суу менен камсыз болушун каалайбыз», — деди ал.
Белгилей кетсек, таза суу калктын саламаттыгын сактоонун жана жашоо сапатын жогорулатуунун негизги шарттарынын бири. Андыктан бул долбоор Чоң-Жар айылынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү демилге болуп саналат.
Айыл тургундары долбоорду колдоого алган депутат Эдита Тайгараевага жана «Ас-Сафа» коомдук фондуна ыраазычылык билдиришти.
Даярдагандар: Айдай Джолчубекова, Раяна Рамизова