4-ноябрында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Баялы Досалиев V Элдик Курултайга шайланган делегаттар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга жергиликтүү кеңештердин төрагалары, айыл өкмөт башчылары жана бир катар мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Иш-чарада V Элдик Курултайга даярдык көрүү, район аймагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо жана жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн тиешелүү деңгээлде көтөрүү маселелери каралды.

Аким Баялы Досалиев делегаттардын курултайда район элинин атынан көтөрө турган сунуш-пикирлерине өзгөчө көңүл буруп, ар бир маселенин маанилүүлүгүн белгиледи.
Талкуу учурунда аймактардын социалдык-экономикалык абалы, инфраструктураны өнүктүрүү, жолдорду оңдоо, таза суу менен камсыздоо, ирригациялык системаларды жакшыртуу, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарындагы көйгөйлөр боюнча пикир алмашуу болду.
Делегаттар шайлоочулардан жана жергиликтүү тургундардан түшкөн сунуштарды, көйгөйлөрдү жана аларды чечүү боюнча демилгелерди ортого салышты. Ар бир сунушту дыкат карап чыгып, тиешелүү мекеме-уюмдар менен биргеликте иш алып баруунун зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле Кочкор районунун өнүгүүсүнө тоскоолдук жараткан маселелерди аныктоо, аларды чечүү жолдорун сунуштоо жана калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган демилгелерди колдоо боюнча пикирлер айтылды.
Жолугушуунун соңунда Баялы Досалиев делегаттар район элинин үнүн Элдик Курултайда жеткирип, көтөрүлгөн маселелерди так жана жүйөлүү негизде билдирүүсү маанилүү экенин белгиледи.
Мындан тышкары, тиешелүү жетекчилерге айтылган сунуштарды талдап, ар бир багыт боюнча керектүү маалыматтарды даярдоо жана делегаттар менен тыгыз кызматташуу тапшырылды.

Даярдаган: Нурия Карымбаева