7-декабрь күнү Кетмен-Дөбө айыл аймагында Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо болуп өттү. К.Р. Президентин жарлыгынын негизинде 2024-жылдын 20-декабрында өтүүчү кезектеги Элдик курултайга Кетмен-Дөбө аймагынан эки делегат шайланды. Жыйынды жергиликтүү кеңештин төрагасы Айдар Алишеров алып барды. Буга чейин айыл аймактарда жыйындар өткөрүлүп делегаттар шайланган.
Жергиликтүү кеңештин төрагасы Айдар Алишеров
“Бүгүнкү жыйынга жалпы 83 делегат катышты. Алардын ичинен 5 делегат көрсөтүлүп, эки делегат өз калоолору менен баш тартышты. Калган 3 делегатка ачык шайлоо болуп, 2 делегат айым шайланды. Көпчүлүк добуш алган Кенже Шорукова менен Роза Жумабаева Элдик Курултайга бармай болушту. Алар аймактагы эң көйгөйлүү болгон таза-суу, бала-бакча, жер трансформация маселелерин айтып, Элдик Курултайда чечилип келсе деген үмүттөбүз” дейт жергиликтүү кеңештин төрагасы Айдар Алишеров.
Даярдаган: Айзирек Жаныбекова, Азем Сабырбекова.