Терек-Суу айылындагы №5 «Кызгалдак» балдар бакчасында «Улуттук баалуулуктарга негизделген STEAM — бала бакчадан келечекке кадам» аттуу семинар болуп өттү. Семинарга Токтогул районундагы бала бакчалардын жетекчилери жана тарбиячылар катышты.


«Семинардын негизги максаты — улуттук баалуулуктарыбызды заманбап STEAM (илим, технология, инженерия, искусство жана математика) технологиясы менен айкалыштырып, балдардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана таанып-билүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү. Элибиздин каада-салтын, маданиятын, эне тилин жана руханий мурастарын бала бакчадан баштап үйрөтүү — биздин негизги милдетибиз. Бүгүнкү семинарда тажрыйба алмашууга, жаңы идеяларды үйрөнүүгө жана кесиптик чеберчилигибизди өнүктүрүүгө чоң өбөлгө болот деп ишенебиз», — дейт №5 «Кызгалдак» балдар бакчасынын жетекчиси Динара Сейиткулова.

«Улуттук нарк — тарбиянын башаты, ал эми бала — келечегибиздин ээси!» — деген ураан алдында өткөн жыйын тарбиячылар арасында тажрыйба алмашууга жана кесиптик чеберчиликти өркүндөтүүгө чоң өбөлгө түздү. Иш-чаранын жүрүшүндө тарбиячылар өз кесипкөйлүгүн көрсөтүп, кызыктуу ачык сабактарды өтүштү.

1-даярдоо тобунун тарбиячысы Абды кызы Айжан «Көркөм адабият» багыты боюнча «Аш атасы — нан» темасында сабак өтүп, нандын кадыр-баркы, эмгекти сыйлоо жана улуттук баалуулуктар тууралуу балдарга кеңири түшүндүрүп, нан кантип жасаларын көрсөтүп берди.
2-даярдоо тобунун тарбиячысы Жуманова Жазгүл «Күз берекеси» темасында «Кеп өстүрүү» сабагын уюштуруп, көргөзмөлүү түрдө күз берекесин көрсөттү.

1-улуу тобунун тарбиячысы Кадырбекова Адеми «Көркөм өнөр» сабагында «Жомок каарманы күзүндө» темасы аркылуу балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн жана фантазиясын өстүрдү.
2-улуу тобунун тарбиячысы Токтоназарова Гүлзада «Күздүк жомок» темасында ийлеп чаптоо (аппликация) сабагын өтүп, балдардын кол эмгектерин көпчүлүккө тартуулады.

«Бул семинар бала бакчалардын жетекчилери жана тарбиячылары үчүн чоң методикалык жардам болуп калды. Заманбап STEAM методикасын улуттук педагогика менен айкалыштырып окутуу наристелерди ар тараптуу өнүктүрүүдө натыйжалуу экенин көрсөтө алдык. Улуттук баалуулуктарды кичинекей чагынан сиңирген муун — жаркын келечектин жаштары боло алышат», — деп билдирди бакчанын методисти Назгүл Асыранкулова.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар өз ара пикир алмашып, мындан аркы иш пландары боюнча сунуштарын айтышты. Ошондой эле семинардын жогорку деңгээлде өтүшүнө баа берип, жалпы жамааттын эмгегине ыраазычылыктарын билдиришти.


Даярдаган: Азема Сабырбекова.