Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында тургундардын бош убактысын көңүлдүү өткөрүүсүнө шарт түзгөн жаңы бильярд жайы ачылды. Аны уюштуруу демилгеси жергиликтүү тургун Кубат Урматбек уулуна таандык.

Кесиби боюнча гидромелиорация адистигин аяктаган Кубат бильярдга болгон кызыгуусун айылдаштары үчүн пайдалуу демилгеге айландырууну чечкен. Анын айтымында, айылда эс алуучу жайлардын аздыгы жаңы жай ачууга түрткү болгон:
«Бильярд жайын ачуу идеясы өзүмдөн чыкты. Бул менин жеке кызыгуум менен байланыштуу. Айылда эс алуучу жайлардын жоктугун эске алып, айылдаштарыбыз үчүн ушундай жай ачсам деген ой пайда болду», — дейт Кубат.

Демилгени ишке ашыруу бир жылга жакын убакытты талап кылган. Жайдын ачылышына кеткен жалпы чыгым азырынча так эсептеле элек. Ал эми көптөн бери ойлонулган идея 2026-жылдын октябрь айынын аягында ишке ашып, бильярд жайы алгачкы конокторун кабыл ала баштады.
Жаңы жай айыл тургундарына, айрыкча жаштарга бош убактысын кызыктуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле айылдагы коомдук жашоону жандандырып, тургундардын башын бириктире турган эс алуу жайларынын катарын толуктады.
Чолпон айылындагы бул демилге жеке кызыгуудан жаралган идеянын жамаат үчүн пайдалуу ишке айланышынын бир мисалы болду.

Даярдаган: Амина Жумабаева