Жамааттык Медиалардын Бирлиги «Текшердим!» маалымат кампаниясынын алкагында, жалган маалыматтарга каршы күрөшүү үчүн жаңы интерактивдүү картаны иштеп чыкты. Бул демилге “МедиаКонсалт” коомдук фонду менен биргеликте, Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Internews уюму тарабынан ишке ашырылган “Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу” (CARAVAN) долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Интерактивдүү карта коомчулукта жалган маалыматтарга каршы турууга жардам берүү жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатын көздөйт.

«Текшердим!» маалымат кампаниясынын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири www.mediamap.kg сайты саналат. Бул интерактивдүү карта ар бир жаран үчүн маалыматка жеткиликтүүлүктү жеңилдетип, жалган маалыматтарга каршы күрөштү кызыктуу жана ачык-айкын кылат. Картанын негизги милдети – Кыргызстандын аймагындагы фейктердин таралышын реалдуу убакыт режиминде чагылдыруу.
Картада колдонуучулар эмне кыла алышат?
● Фейктер кайсы жерде жана кандай жолдор менен тараганын көрүү.
● Өздөрү таап чыккан жалган маалыматтарды картага кошуу аркылуу долбоорго активдүү катышуу.
● Жалган маалыматтарды аныктоого жана алар менен күрөшүүгө жардам берген практикалык мисалдар менен таанышуу.
«Текшердим!» кампаниясы ар кандай интерактивдүү ыкмаларды жана билим берүү иш-чараларын камтыйт, анын ичинде:
● Сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган видеолор жана маалыматтык китепчелер;
● «Медиа Элек» подкасты, ал аркылуу эксперттер жана жарандар жалган маалыматтар менен күрөшүү жолдору тууралуу ой бөлүшөт;
● Жаштар жана чоңдор үчүн кызыктуу форматтагы комикстер;
● Аймактардагы калкты тартуу үчүн квиз оюндары жана соц. тармактагы викториналар;
● Студенттер жана социалдык тармактарды активдүү колдонуучулар үчүн мастер-класстар.
“Маалымат мейкиндигиндеги жалган маалымат жана манипуляциялар коомдун туруктуулугуна жана биримдигине коркунуч жаратат. Интерактивдүү карта журналисттер, активисттер жана чынчыл, ачык-айкын маалыматка кызыккан жарандар үчүн ишенимдүү ресурс болуп берет. Ал тажрыйба алмашуу үчүн платформа түзүп, маалыматтык коркунучтарга каршы күрөшүүдө демилгелерди бириктирүүгө жардам берет”, – деп белгилейт Жамааттык Медиалардын Бирлигинин жетекчиси Назира Жусупова.
«Mediamap.kg – бул интернеттеги олуттуу көйгөйлөргө жооп берген өзгөчө платформа. Анын максаты – жөн гана укук бузууларды каттоо эмес, колдонуучуларга аларды кантип аныктоону жана каршы турууну үйрөтүү. Биздин медиасабаттуулукка арналган ресурстарыбыз күн сайын көбөйүп, адамдарга санариптик мейкиндикте жоопкерчиликтүү болууга жардам берип жаткандыгы бизди кубандырат», – деп билдирди «МедиаКонсалт» фондунун директору Эльмира Токтогулова.

Кантип катышуу керек?
Жарандар картадагы маалыматты көрүп эле тим болбостон, өздөрү жалган маалыматтарды аныктап, картага арыз жөнөтө алышат. Картанын администраторлору жөнөтүлгөн маалыматты текшерип, ишенимдүү жана актуалдуу болушун камсыздайт.
Бул долбоор Internews тарабынан ишке ашырылып, Европа Биримдиги каржылаган “Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу” (CARAVAN)” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Ошондой эле, медиасабаттуулук боюнча иш-чаралар Тажикстандагы “Равзана” коомдук уюму жана Казакстандагы Тимур Бекмамбетовдун Маданий Демилгелер Фонду тарабынан жүргүзүлүүдө.
«Текшердим!» – бул коомдун туруктуулугун камсыздоо жана жалган маалыматтар менен күрөшүү боюнча маанилүү кадам. Сиз дагы бул демилгеге кошулуп, чынчыл жана так маалымат үчүн күрөшө аласыз!
Байланышуу үчүн маалымат:
Таштанова Перизат
+996 707 330 010
[email protected]
*********************************************************************************************************
Бул басылма Internews ишке ашырып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу» (CARAVAN) долбоорунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланат/ биргелешип каржыланат. Анын мазмуну үчүн Жамааттык Медиа гана жоопкерчиликтүү жана ал Европа Биримдигинин жана Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.
Жамааттык Медианын инстаграм барагы
Жамааттык Медианын фейсбук барагы
Социалдык баракчалардан төмөнкү хештегдер аркылуу маалымат алсаныздар болот.
#EU4KG
#КараванМедиаграмотности
#CARAVAN_CA
#Фактчекер
#Жамааттыкмедиа
#текшердим2024
#teksherdim2024